Коронавируска байланышкан соңку кырдаал: АКШда жоготуулар көп болот

Published

Коронавирус жуктургандар саны дүйнөдө 720 миңден ашты. Каза тапкандар саны 33 миңге барды. Эң оор кырдаал Европанын түштүгүндө жана АКШда.

АКШда оор кырдаал түзүлдү. Көпчүлүк саясатчылар, анын ичинде Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио ооруканаларда жабдыктар жана орундуктар жетишпей, бейтаптарды дарылоо кыйын болот деп чочулап жатат.

Президент Трамп жоготуулардын эң бийик көрсөткүчү божомолдор боюнча эки аптадан кийин болот деп айтты. Эң жогорку чегине Италия мененИспания жеткени айтылууда. Италиянын бийлиги жаңы жуктургандар саны кыскарат деп күтүп жатышканын билдирген. Италияда бир айдан бери карантин чаралары көрүлүүдө. Ал 3-апрелге чейин уланат.

АКШда Covid-19 вирусунан каза тапкандар саны 100 миңден 200 миңге чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Аллергиялык жана инфекциялыкооруларды изилдөө институтунун директору, доктор Энтони Фаучи билдирди.

Си-Эн-Энге берген маегинде, азыркы шартта миллиондор вирусту жуктуруп алышы мүмкүн экенин айткан.

Британия бийлиги мурунку жашоого кайтып келүүгө дагы жарым жыл кетет деп эскертти. Бул деген алдыдагы алты ай ичинде өлкө карантинчараларын албай турганын көрсөтөт. Кайсыл бир деңгээлде чектөө чаралары сакталат. Дем алыш күндөрү Англиянын саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчиси Стивен Поуис: "Эгерде биз жоготууларды 20 миңден төмөн кармай алсак, анда эпидемия менен өтө жакшы күрөшкөнүбүздү көрсөтөт",-деп айтты.

Жекшембиде Африканын калк эң жыш жайгашкан өлкөсү - Нигерияда карантин жарыяланды. Карантин өлкөнүн эки ири шаарында, Абуджа менен Лагоско кирди.

Эки аптадан бери катаал карантин чарасы иштеп жаткан Испанияда жумушка чыгып жаткандар үчүн жаңы чаралар кошулду. Эми ага ылайык, негизгитармактардагы жумушчулар гана чыга алат. Карантин 9-апрелге чейин уланат.

Орусия баш калаасы Москванын мэри Сергей Собянин 30-марттан тарта карантин чараларын жарыялады. Тургундар жашаган жерине жакын дүкөн жана дарыканага гана чыга алат. Эгерде жумушча чыгуу зарыл болгондо гана ишке барууга уруксат берилди. Орусияда бир жарым миң кишиге вирус жугуп, алардын тогузу каза тапты.

Аба тазара түштү

Карантинге алынган Европанын ири шаарларында өткөн жылдын ушул маалына салыштырганда, аба бир топ тазара түшкөн. Мындай маалыматты Европанын космос агенттиги билдирди.

Жаңы маалыматтар Copernicus Sentinel-5P спутнигинен алынган байкоолорго негизделген. Анда Европанын ири шаарларында, айталы, Париж, Мадрид, Римде атмосферадагы көмүр кычкыл газынын концентрациясы азайган. (AbA)