Коронавирус жуктургандар дүйнөдө 600 миң, Уханда катаал карантин чаралары жумшарды

Published

Коронавирусту жуктургандар саны дүйнөдө 600 миңден ашты деп кабарларды Жон Хопкинс университети. Вирус жуктургандардын көбү АКШда катталды жана пандемиянын очогу болгон Кытайды озуп өттү.

Президент Трамп жарандарга каржылык колдоо көрсөтүү максатында өлкө тарыхындагы эң ири экономикалык чарага барды. Карантинден улам үйдө олтуруп калгандарды колдоо үчүн 2,2 млрд доллар бөлдү.

Кытайдагы кырдаал

Вирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарында эки айдан бери уланып жаткан катаал карантин чаралары бошоңдоду. Ишембиде шаардык темир жол бекетинде жүргүнчүлөрдүн кыймылы жанданды. Маалыматтарга караганда, тургундарга шаарда жүрүүгө уруксат берилген. Бирок шаарды эч ким таштап чыгып кете албайт.

Хубэй провинциясынын борбору болгон Уханда 50 миң ашуун киши коронавируска кабылып, алардын кеминде үч миңи көз жумду. Расмийлер оорунун жугушу кескин төмөндөдү деп билдирүүдө. Жума күнү 54 кишиге диагноз коюлган.

Кытайдын бийлиги инфекциянын жаңы очогунан чочулап, бардык чет элдик жарандардын келүүсүнө тыюу салды. Андан сырткары бардык авиакомпанияларга аптасына бир эле жолу учууга уруксат берилди. Учактагы орундуктардын 75 пайызы гана толушу керек.

Италия жана Испания

Covid-19 вирусуна кабылгандар саны боюнча Кытайдан оозуп кеткен экинчи өлкө - Италия болуп калды. 86 миң кишинин вирус жуктурганы аныкталган.

Жума күнү Италияда дагы бир кейиштүү кырдаал жаралды: жаңы инфекциядан 969 бейтап көз жумду. Бул пандемия башталгандан бери катталган дүйнөдөгү эң жогорку сан.

Испаниянын деле жагдайы чатак. Өткөн суткада Covid-19 вирусунан 769 киши өлүп, жалпы жоготуулар 5 138ге жетти. Алардын көбү карыялар үйүндө жашагандар.

Британия дарыгерлерди тесттен өткөрөт

Британияда вирус жуктургандар саны күн сайын 3-4 бейтапка көбөйүүдө. Ишембидеги эрте мененки маалыматтарга караганда, вируска кабылгандар 14 543, андан көз жумгандар 759.

Ушул дем алыш күндөрү Британияда саламаттыкты сактоо тармагында иштегендер массалык түрдө тесттен өткөрүлөт. Кечээ күнү британ премьер-министри 55 жаштагы Борис Жонсондон жана 41 жаштагы саламаттыкты сактоо министри Матта Хэнкоктон вирус табылган. (AbA)