Өзгөчө абал: каттоосу жокторду үйдөн үркүтүп, дарбыткан талап

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, BBC News Кыргыз
  • Published

Каттоосу жоктор борбордон чыгарылары тууралуу Бишкектин коменданты шейшемби күнү кечинде басма сөз жыйынында эскертти:

"Мен комендант катары чечим чыгардым, жарандар каттоосу болсо, Бишкектин ичине кирсе болот. Эгерде каттоосу башка аймактарда болсо, анда кире албайт. Шаршембиден баштап, бул эреже менен иштейбиз. Башка аймактан келгендер кире албайт, бирок эркин чыгып кетсе болот", -деди ички иштери министринин орун басары Алмазбек Орозалиев.

Жарымынын каттоосу жок

Бишкекте бир миллиондон ашык калк жашары айтылып келет. Бирок "Инфоком" жана "Тазалыктын" маалыматы боюнча борбордо 441 миңден ашпаган тургун бар. Демек, Бишкектин жарымы каттоосу жок адамдардан турат.

Алар кимдер? Ички миграция эсебинен борборго жаркын жашоо издеп келгендер, жаңы конуш тургундары, интернат бүтүрүүчүлөрү жана башка калктын аялуу катмарлары.

"Менин паспорт боюнча пропискам көлдө. Бирок өзүм "Ала-Тоо-3" жаңы конушунда жашайм. Биздин конуштун жери трансформация боло элек, ошол себептүү пропискам жок. Бирок көчөгө чыгышым керек, банкка барышым керек. Квартальныйдан конушта жашайт деген справка жаздырып алам го. Бул тууралуу чечим шашылыш кабыл алынып калды деп ойлойм", -деди Бишкек тургуну Назгүл.

Ал тапта бүгүн коронавируска каршы иш алып барып жаткан республикалык штаб өзгөчө абал киргизилген аймактарга каттоосу бар гана жарандар кире аларын дагы бир жолу эскертти.

Бирок ишкерликтин айрым түрлөрү менен алектенгендерге уруксат бар. Алар иштеген жеринен справка алып күндүзү алдын ала белгиленген маршрут жана унаа менен гана жүрө алышат.

Ош аймагына өзгөчө абал этникалык кагылыштар орун алган 2010-жылы киргизилген. Ага чейин апрель окуяларында мурунку президент Курманбек Бакиевдин да Кыргызстандын айрым аймактарына өзгөчө кырдаал киргизгени эсте.

Ал эми Бишкек буга чейин мындай катуу тартип менен өзгөчө абалга тушуга элек болчу.

Чийки чара

Каттоо маселесине байланыштуу дагы бир жагдай: милиция өкүлдөрү жарандардын Бишкекте бар-жогун кантип аныктайт? Алалы, жаңы үлгүдөгү паспорттордо жарандардын туруктуу жашаган дареги тууралуу маалымат атайын чипте. Аны атайын жабдыктары жок билүү мүмкүн эмес.

Мындан улам укук коргоочулар каттоо түшүнүгү советтер союзунан калган атавизм деп, өкмөттүн бул чарасын анча ойлонулбаган чийки чара деп сындап жатышат:

"Бул жерде маселе чыгып атат: биометрикалык паспорту бар жарандарды коменданттын адамдары кантип текшере алат? Аларда card reader барбы? Өзгөчө кырдаалдын негизги максаты -элдин барын үйдө отургузуу. Пропискасы жок адамдарды Бишкектен чыгып кетсин деген - ал максатка каршы келип жатпайбы?",- деди укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Өзгөчө абал тууралуу конституциялык мыйзамдын 17 жана 22-беренесинде үйдөн чыкпоо керектиги тууралуу айтылат. Ошондой эле өзгөчө абалдын эрежелерин бузган жана туруктуу жашаган жери жок жарандар аймактан чыгарылары белгиленген.

Жарандарды жашаган жерине милдеттүү түрдө каттоо, ал аркылуу ошол жерге мажбур байырлатуу системасы Советтер союзунун "мурасы". Ага ылайык, жаран өзү жашаган райондун тышындагы мамлекеттик мекемелерге, оорукана, милиция, билим берүү жайларына кайрылуу укугунан ажыратылган.