Ар бир штат, ар бир округ, ар бир айыл: Индияда абсолюттук карантин

Published

25-марттан тарта Индияда бүт өлкө боюнча абсолюттук карантин жарыяланып, штаттар, округдар жана райондор ортосунда чек аралар жабылды. Премьер-министр Нарендра Моди элге кайрылып, ар бир штатты, ар бир округду, керек болсо ар бир айылды өзүнчө обочолонууга чакырды.

Инкубациялык мөөнөт

Индияда абсолюттук карантин үч аптага созулмакчы. Премьер-министр 21 күн коронавирустун инкубациялык убактысы экенин белгиледи.

«Эгерде биз үйдөн чыкпай отурсак, биз өзүбүздү коргоп кала алабыз»,-деп айтты Моди.

Премьер медицинасы өнүккөн менен убагында чечкиндүү чараларды көрбөй, коронавирусту ооздуктай албай кыйналган Кытай, АКШ, Жапония, Италия, Германия, Иран сыяктуу өлкөлөрдү мисал келтирди.

"Вирустун дарысы жок, ошондуктан обочолонуу - аны менен күрөштүн жалгыз жолу»,-деди Индия өкмөтүнүн башчысы.

Моди ар бир штатты, ар бир округду, керек болсо ар бир айылды өзүнчө жабылууга чакырды.

Премьер-министр ошондой эле борбордук өкмөт 2 млрд доллар өлчөмүндө каражатты коронавирус менен күрөшүү үчүн медициналык инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшаганын билдирди.

Башында өкмөт жарандарды коменданттык сааттын талабын ыктыярдуу түрдө сактоого чакырган, бирок ага жакшы кулак салышкан жок. Эми баш ийбей, ээнбаштык кылгандарга катуу чаралар көрүлөрү эскертилди.

Индиянын бийликтери шейшембиде эртең менен 728 округдун 606 өзгөчө режимге которду, аларда жашаган калктын саны миллиарддан ашык.

Жабык региондор ортосунда Ички иштер министрлигинин уруксаты менен гана өтүүгө мүмкүн.

Жүргүнчүлөргө баары жабык

Өткөн жумадан бери эле жүргүнчүлөр поезддери жүрбөй, метролор, алыскы каттамдагы автобустар да ишин токтоткон. Эл аралык авиакаттамдар, индиялык портторго саякат кемелеринин кириши, айтор жүргүнчүлөр үчүн баары токтогон.

Ошол эле убакта, өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жүк ташыган учактардын, кемелердин Индияга келиши токтогон жок.

Базарлар, соода борборлору, кинотеатрлар, мектептер, коллеждер, индустардын храмдары, мечеттер, чиркөөлөр, спортзалдар, фитнес борборлор бүт жабык.

Эч кандай массалык иш чаралар болбойт, беш адамдан көп чогулууга тыюу салынган.

Ошол эле убакта медициналык мекемелер, дарыканалар, азык-түлүк дүкөндөрү, жашылча-жемиш, сүт, нан саткан жайлар иштеп атат, байланыш түйүндөрү жана шаардык кызматтар баары иш үстүндө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Индияда коронавирус инфекциясынын 519 учуру катталган, анын ичинен 43 чет элдик жаран. Алардын арасынан 40 оорулуу айыгып чыкты, ону каза тапты. Азыркы учурда ооруканада 469 оорулуу жатат.

Дүйнөлү саламаттык сактоо уюму коронавирус эпидемиясын дүйнөдө жеңүү биринчи кезекте жана көп жагынан миллиарддан ашык эл абдан жыш жашаган Индиянын аракетине байланыштуу болорун баса белгилеп жатат. (КС)