You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргыз жаранынан Covid-19 табылды, өлкөдөгү соңку абал
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Жапониядагы кыргызстандык жаран коронавирус жуктурганын ырастады. Ал "Даймонд Принцесс" саякат кемесинде иштеген техникалык кызматкер болчу.
Расмий маалыматка караганда, кыргыз жараны жапон ооруканаларынын биринде дарыланууда жана абалы жакшы.
Нурлан Абдрахманов кыргызстандыкта вирус аныкталганын Жапония 26-февралда түнү билдирди деди:
"Алар кыргызстандык жаран толугу менен жакшы болгуча бошотпой турганын белгилешти. Эки күндөн бери биз аны Жапониядан алып чыгуу маселесин да талкуулап жаттык. Жапон тарап ал жакшы болгуча өздөрү деле коё бербейт".
"Даймонд Принцесс" кемесинин жетекчилери вируска шектелгендердин тизмесин 16-февралда чыгарган, анда бир кыргызстандык бар болчу.
Нурлан Абдрахмановдун айтымында, кыргызстандык жаран болжолдуу 17-февралда Йокогамадагы ооруканага чыгарылып, көзөмөлдө болуп жаткан.
Буга чейин аны менен бир каютадагы жүргүнчүдөн вирус табылган.
"Даймонд Принцесс" кемесинде 620дан ашык кишиге вирус жукканы тастыкталган. Жапониялык 80 жаштан ашкан эки жүргүнчү көз жумду.
Круиздик кемеде жалпы 3700 адам болгон.
"Даймонд Принцесс" кемеси 5-февралда Гонконгдо түшкөн бир кишиден вирус табылгандан кийин карантинге алынган.
Карантин мөөнөтү бүткөндөн кийин 19-февралда вирус жуктурбаган жүргүнчүлөр кемеден чыгып кетти.
Бул лайнер Кытайдан сырткары Covid-19 менен ооруган адамдар эң көп топтолгон жер болуп калды.
Кээ бир өлкөлөр кемедеги карантинге ишенбей, кайтып келген жарандарын өздөрү дагы он төрт күн карантинде кармап жатты.
Кыргызстанда Covid-19 вирусу жок
Кытайдан сырткары вирус көп катталган мамлекеттер - Жапония, Түштүк Корея, Италия жана Иран. Кыргызстан бул өлкөлөрдөн келгендерди текшерип киргизип жатат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Түштүк Кореяда эки миң 300дөн ашуун, Италияда 352, Кытайда 271, Иранда 67 жана Жапонияда 64 кыргызстандык бар.
Ушу тапта Кытай менен чек ара бекеттери жабык жана аба каттамы токтоп турат. Иран менен аба каттамды токтотуу же токтотпоо маселеси каралып жатканын өкмөт өкүлдөрү билдиришти.
Бир нече күн мурда WhatsApp аркылуу тараган билдирүүдө жумгалдыктар Кытайдан келген жарандарды кууп чыгышканын айткан.
Кыргызстандагы "Чайна роуд" компаниясынын төрт кызматкери жергиликтүүлөрдүн талабынан кийин Бишкекте медициналык текшерүүгө жаткырылды.
"Кытайлар коомчулукка эч кандай таасир бербейт. Алардын баарын борборго алып келдик. "Чайна роудда" иштеген жумушчулар экен. Азыр обсервацияда, башкача айканда алар экинчи жолу обсервацияга жаткырылды", - деди саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.
Министр Кыргызстанда вирус табылганы тууралуу тараган ар кындай маалыматтар жалган деп белгиледи.
Ушу тапта өлкөдө сырттан келген ондогон адам үйүндө медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ал эми 150 чамалуу адамга медициналык жайда байкоо салынууда.
Дартты кантип аныктап, дарылайт?
Кыргызстанда жаңы коронавирустун алдын алуу боюнча өкмөт башчы жетектеген атайын штаб иштеп жатат. Штаб өлкөдөгү бардык медициналык жайларда изоляция бөлмөсү бар, коргонуучу кийимдер жана атайын маскалардын запасы жетиштүү дейт.
Андан сырткары бардык чек ара бекеттери дезинфекцияланууда.
Санэпидемиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динагүл Оторбаеванын айтымында, дартты аныктоого тесттер, лабораториялар жана адистер даяр.
Ал ошондой эле жергиликтүү дарыгерлердин коронавирусту дарылоого дарамети жетет дейт.
"Оор өпкө оорусу буга чейин деле катталып келген. Sars вирусун жуктургандардын 40 пайызы өлгөн. Covid-19 вирусун жуктургандардын үч пайызы гана каза болду. Мурункуларга караганда жеңил өтөт, адамдар айыгып жатат. Бул коронавирусту дүйнөдө антибиотик менен дарылап, симптомдоруна жараша дары-дармек берип жатышат", - деди Оторбаева.
Ага карабай, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму улам жаңы эскертүүлөрдү берип жатат.