Баскетбол жылдызы Коби Брайант тик учак кырсыгында каза тапты

Published

"Лос-Анжелес Бейкерстин" мурдакы баскетболчусу Коби Брайант Лос-Анжелестин жанында тик учак кыйраган кырсыкта каза тапты. Анын менен кошо 13 жаштагы кызы Джанна жана борттогу жети адам курман болду.

Коби Брайант

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Тик учак Калабасас шаарына жакын жердеги бөксө тоолордо кырсыкка учурады, Кырсыктын себептери азыр белгисиз. Куткаруучулар тик учак кыйраган жерге дароо эле жетип барышты, бирок аман калган адам табышпады.

Азырынча тик учак каяктан учуп чыкканы жана каякка баратканы так белгисиз.

Брайант Sikorsky S-76 тик учагын көп пайдаланчу, кээде аны менен Ньюпорт-Бичтен чыгып, "Лейкерстин" мачтарына учуп барчу. Күбөлөрдүн айтымында, тик учак кыйрап түшөрдөн мурда анын мотору өчүп калганы угулуптур.

Тик учак кыйраган жер

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тик учак кыйраган жер

Жергиликтүү округдун шерифи "Твиттерге" кырсык болгон жердин сүрөтүн жарыялады.

Коби Брайант убагында баскетболдун тарыхында эң мыкты оюнчулардын бири болуп таанылган. 41 жаштагы баскетболист өзүнүн карьерасында бүт "Лейкерс" үчүн ойногон. Ал спорттон 2016-жылы кеткен эле. 20 сезондо Брайант чемпиондук титулду беш жолу, олимпиадалык оюндарда АКШнын курама командасында ойноп, эки жолу алтын медаль жеңип алган болчу.

Ал ошондой эле баскетбол жылдыздарынын ичинен MVP ("эң мыкты оюнчу") сыйлыгын төрт жолу жеңип алган бирден бир оюнчу болуп эсептелет.

Брайант "Кымбат баскетбол" кыскаметраждуу анимациялык фильм үчүн "Оскарга" татыктуу болгон.

Коби Брайант эмнеси менен эсибизде калды

Коби Брайант

Сүрөттүн булагы, Reuters

Мемориал

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жүздөгөн кишилер Лос-Анжелестеги "Лейкерс" аренасына гүл жана баскетбол топторун алып келүүдө
Коби Брайант

Сүрөттүн булагы, Reuters

АКШнын улуттук курама командасы менен бирге Брайант эки жолу, Бээжин жана Лондон Олимпиадасында чемпион болгон.

Оскар

Сүрөттүн булагы, Reuters

Көптөгөн спорттук сыйлыктарынан тышкары "Оскар" алган. Сыйлыкты 2018-жылы баскетбол тууралуу кыска метраждуу анимациялык тасма үчүн алган.

Режиссер Клен Киндин "Кымбат баскетбол" тасмасы Брайант спорттук карьерасын жыйынтыктаган учурда жазылган ырга негизделген. Мультфильмдин тексттин баскетболчу өзү окуган.

Коби Брайант

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Коби Брайант 8 жана 24 санында ойноп, карьерасын жыйынтыктады. Спортчу кеткенден кийин клуб ушул эки номерди тең колдонбой турган болгон.

Коби Брайант с дочерью Натальей

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коби Брайант кызы менен Хьюстон, Техас, 2013-жыл
Коби Брайант

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коби Брайант акыркы жолу "Лейкерсте" 2016-жылы 13-апрелде ойногон
Коби Брайант кызы менен "Лос-Анжелес Лейкерс" жана "Атланта Хокс" беттешинде, 2019-жылдын 17- ноябры

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коби Брайант кызы менен "Лос-Анжелес Лейкерс" жана "Атланта Хокс" беттешинде, 2019-жылдын 17- ноябры

*