Орусия: жаңы келген премьер-министрдин "миллиардер" карындашы

Орусия өкмөтүнүн башына жаңы келген премьер-министр Михаил Мишустиндин бир тууган карындашы Наталия Стенина Москвада наркы 1 млрд. рублга барабар кыймылсыз мүлккө ээлик кылат. Бирок анын белгилүү болгон жалгыз гана бизнеси - өзүн актабай жабылып калган Москвадагы ресторан.
Наркы өтө кымбат болгон кыймылсыз мүлктөрдүн бири - Москвадагы Knightsbridge Private Park элиталык комплексиндеги батир. 49 жаштагы Наталия Стенинанын атындагы мындай батир мамлекеттик реестрде жок. Росреестрдин тизмесинде анын ысымы жашырылып, ордуна ээси катары "Орусия Федерациясы" деп эле жазылган. Бирок акыркы жылдары Мишустин жетектеген Федералдык салык кызматынын жабык базасында аталган батир карындашы Стенинанын атында деп көрсөтүлгөн. Федералдык салык кызматынын ички системасына кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар булактар Би-Би-Сиге муну ырастаган маалыматты сунуштады.
Батирдин ээси катары "Орусия Федерациясына" берилген күбөлүктөгү номер менен Росреестр системасындагы батир ээсинин күбөлүгүнүн номерлери бири-бирине дал келет.
Акыркы учурларда чиновниктердин мүлктөрүнө "Орусия Федерация" деп жаза башташты. Маселен, буга чейин "Роснефть" жетекчиси Игорь Сечиндин жер тилкелеринде же ФСБнын Москвадагы жетекчиси Алексей Дорофеевдин Подмосковьедеги хан сарайы ушундай катталган.

Так эле ушундай жол менен Михаил Мишустиндин шаардын сыртындагы үйү дагы жашырылган. Бул үй азыр премьердин балдарына тиешелүү болушу мүмкүн, деп белгилеген эле "Проект" басылмасы.
Knightsbridge Private Park комплексине кирип-чыгууну үч кароолчу көзөмөлдөп турат. Алардын айтымында, жашоочулардын жүзүнөн таанышпайт деле. Анткени үй ээлери жер төлөдөгү унаа токтотуучу жайдан эле батирлерине кирип кетишет.
Эгер бул кароолчулар терезеси караңгылатылган унаада ким олтурганын билсе, маселен, "Орусия Почтасынын" азыркы жетекчиси Николай Подгузовду жөн эле таанышмак. Бул элиталык комплексте анын 380 чарчы метр батири бар, дейт Insider басылмасы.
Наталия Стенинанын апартаменти анын алдында бир топ эле жупуну. Ал 170 чарчы метр батирди 2018-жылы жайында сатып алган. 2019-жылы күзүндө батирди жана унаа токтотуучу жайын каттоодон өткөргөн. Батирди баасы канчага түшкөнү белгисиз.

Сүрөттүн булагы, EPA/YURI KOCHETKOV/TASS
Knightsbridge Private Park комплексиндеги батирдин чарчы метри азыркы баа менен 1 млн рубль тегерегинде. Андай болгондо Стенинанын батиринин базар баасы болжолу 180 млн рубль.
Knightsbridge Private Park комплексиндеги батир Стенинага тиешелүү элиталык мүлктөрдүн бири гана. 2014-жылы Подмосковьедеги Agalarov Estate коттедж конушунан эки кабатту үй сатып алган.
Муну дагы Росреестрде Стенинанын ысымына эмес, "Орусия Федерация" деп катташкан. Ошол эле Федералдык салык кызматынын базасында менчик ээси Мишустиндин карындашы.

Стенинанын уулу Михаил комдук сайттардагы аккаунтуна (азыр жабык) Agalarov Estate конушунда турган сүрөтүн чыгарганын Би-Би-Си таап чыккан.
Ал сүрөттөрдүн биринде Михаил Стенин үйгө кирип бара жатат. Үйдүн номери дубалында илинип турганын көрүүгө болот. Бирок мындай номерлүү үйдүн ээси катары Росреестрде "Орусия Федерациясы" көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары Наталия Стенинанын Подмосковьенин башка элиталык райондорунда дагы үйү бар. Росреестрдин маалыматына караганда, бул үйдү премьердин карындашына 2009-жылы ишкер, ресторан бизнеси боюнча өнөктөшү Александр Удодов белек кылган.

"Ачык медианын" эсебинде, шаардын четиндеги бул аймакта Мишустиндин жакындарына таандык наркы 1,5 млрд рублга бааланган 2,6 гектар жер бар. Алардын 1,3 гектары карындашына караштуу.
Премьер-министрдин карындашы кандайдыр бир кирешелүү бизнес менен алектенеби?
"Акча келет да, кетет, бакыт анда эмес. Дүйнөдө эң маанилүүсү - кыйын кырдаалда сени менен бирге болгон кишилер",-деп жазган экен Наталия Стенина 2012-жылы "Одноклассники" сайтындагы баракчасына.
2000-жылдары Наталия Стенина атасы сыяктуу эле "Аэрофлотто" иштеген деп айтып берди Би-Би-Си булактары. Андан кийин Стенина каякта иштегени белгисиз.
2015-жылдардан тарта Москвадагы Твер бульварындагы "Недальний Восток" ресторанынын 25 пайызы ага тиешелүү деген маалыматтар бар. 2019-жылдын башында ресторан жабылып калган. Ресторан жайгашкан имарат Стенина жана анын өнөктөштөрүнө караштуу.
2015-2018-жылдар аралыгында ресторандын жалпы чыгымы 20 млн рублга чамалуу болгон.
2017-жылы бир аз пайда тапкан - 3,6 млн рубль ("СПАРК-Интерфакс" маалыматы).

Сүрөттүн булагы, Google Street View
Имараттын өзү жылына 100 миң рубль чамалуу пайда алып келет. Анын белгилүү болгон активдери ушулар - жабылып калган ресторан жана бул жердеги имарат. Анын жолодошунда деле кирешелүү чоң бизнес болгон эмес. (AbA)
































