Путин менен Зеленский Донбасстагы туткундарды алмашат

Published

Парижде көп саатка созулган "норманд форматындагы" сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия менен Украинанын президенттери Франция жана Германиянын лидерлеринин катышуусунда жыл аягына чейин туткундарды алмашуу жана төрт айдан кийин кайрадан жолугушуу жөнүндө бүтүм кылышты. Чек арадагы көзөмөлдү Украинага берүү, баш ийбеген райондордо шайлоо өткөрүү жана орус газын транзит кылуу сыяктуу башка орчундуу маселелерден мунаса табылган жок.

Париждеги жолугушуу - Путин менен Зеленскийдин биринчи расмий учурашып көрүшкөнү, буга чейин алар телефондон эле сүйлөшкөн. Ал эми "норманд форматындагы" саммит үч жылдан бери биринчи жолу өттү.

"Биз Россия менен диалогду жанданттык, бул жакшы факт", - деди украин президенти.

"Кандайдыр бир жибигендик барбы? Мен оюмча бар", - дейт Путин.

Макрон өз кезегинде самитт жемиштүү болду деп атады, а Меркель: "Түз ниет жана жакшы маанай бар" деп билдирди.

"Норманд форматындагы" сүйлөшүүлөр Украинанын чыгышындагы тынчтык процессин жөнгө салуу максатында болду. Бул жакта куралдуу конфликттер учурунда 2014-жылдан бери 13 миң адам өлдү.

Украина Орусияны өздөрүн Донецк жана Луганск элдик республикалары деп атап алган чек аралаш райондорду колдоого алып жатат деп айыптап келатат. Украина өлкөнүн чыгышына россиялык аскерлер кирип алган деп билдирген. Кремль булардын баарын четке кагып, жаңжал болуп жаткан райондо согуштук аракеттерге өз ыктыяры менен катышып жаткан орус жарандары болушу мүмкүн деп жатат. (КС)