Полиция тебелеп кеткен баланын канынан арак чыкты

Сүрөттүн булагы, ARTYOM GEODAKYAN/TASS
Россиянын Киров областында полиция машина менен тебелеп кеткен алты жаштагы баланын канынан алкоголь табылды. Бул экинчи жолу болуп жаткандыктан, чоң резонанс болуп, Тергөө кызматынын башчысы жаңы экспертиза жасоону талап кылды.
ТАСС агенттигинин Newsler.ru басылмасына шилтеме берип жазганына караганда, сотмедэкспертиза жол кырсыгынан өлгөн баланын канында 0,51 промилле этанол бар экенин көрсөттү.
Бала 13-июлда машина тебелеп кетип каза болгон эле. Алты жаштагы бала шагыл жол менен асфалтталган трассаны көздөй велосипед менен кетип баратып, кырсыкка кабылган. Аны ошол жолдо тебелеп кеткен автомашинаны полиция кызматкери айдап бараткан экен. Расмий маалыматка караганда, ал сопсоо болгон.
Киров областындагы Тергөө башкармалыгы жол эрежесин бузуу боюнча кылмыш иш козгоп, иликтөө баштаган.
"Айдоочу органдарда иштөөсүн улантып жатат",-деди кайгыда турган үй-бүлөнүн таанышы Татьяна Опарина. - Баланын ата-энеси күнөөлүүлөр жоопко тартылышын талап кылууда. Бирок кылмыш ишин улам бир тергөөчүгө өткөрүп жатышат".
Бул ушуну менен экинчи жолу болуп жаткан окуя. 2017-жылы дагы Москванын жанындагы Балашиханын жашоочусу алты жаштагы баланы уруп кетип, өлтүрүп алган. Кылмыш иши козголгон.
Соттук медициналык экпертиза баланын канында 2,7 промилле алкоголь бар экенин көрсөткөн, бул чоң өлчөм болуп саналат.
Бирок экспертизаны кайталап жүргүзгөндө баладан эч кандай алкоголь чыккан эмес. Каталык кетирген эксперт он ай кара жумушка кесилген.
Тергөө комитети биринчи жолку изилдөө убагында баланын канына алкоголдун кошулуп кеткен себебин сотмедэксперттин лабораториялык ишти туура эмес жүргүзгөнүнөн улам болгон деп түшүндүргөн. (КС)
































