17 жыл жашырынып жүргөн кылмышкер дрон аркылуу табылды
Кытайдын полициясы 17 жылдан бери из жашырып жүргөн кылмышкерди камакка алды. Аны дрондун жардамы аркылуу аныкташкан.

Сүрөттүн булагы, The Yongshan Police/ChinaNews
Полициянын айтымында 63 жаштагы Сун Цзян аялдарды жана балдарды кулчулукка саткан деген оор айып менен соттолуп, абакка кесилген. Бирок 2002-жылы лагерден качып кеткен.
Сун 17 жыл бою үңкүрдө жашырынып жүрүп, эч ким менен байланышкан эмес. Юньнандын полициясы Сундун жашырынып жүргөн жери тууралуу маалыматты сентябрь башында алган экен.
Издөө иштери Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясынын Сун шаарына жакын жердеги тоолордо жүрдү. Бул Сундун кичи мекени. Ал ушул аймакта төрөлүп, өскөн.

Сүрөттүн булагы, The Yongshan Police/ChinaNews
Полициянын издөө иштери жыйынтыксыз болуп, аларга дрондор жардамга келген. Аскалуу тоо боорунан дрон көк түстөгү материалды жана таштанды ташталган жерди табат. Андан кийин тоодогу үңкүр белгилүү болот. Ушул жерде Сун 17 жыл жан сактаган.

Сүрөттүн булагы, The Yongshan Police/ChinaNews
Полиция бул жерге жөө жалаңдап чыгып келип, Сунду кармады. Ал көп жыл жалгыз жүргөндүктөн, офицерлер менен сүйлөшө албай кыйналган. Бирок анын кантип жан сактап келгени баарын таң калтырды. Сунду кайра абакка жиберишти. (AbA)




























