You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Антарктидада 315 млрд тонна муз бөлүнүп чыкты
- Author, Жонатан Эймос
- Role, Би-Би-Си
- Published
Чыгыш Антарктидадагы Эймери мөңгүсүнөн чоң муз бөлүнүп чыкты. 50 жылдан бери мындай көлөмдүү муздун ажыраган учуру болгон эмес.
Өзүнүн аянты боюнча (1,6 миң чарчы км.) D28 айсберги шотландиялык Скай аралынан бир аз гана кичине. Калыңдыгы болжолу 210 метр музду эми изилдөөчүлөр такай байкоого алып турушу керек. Антпесе мындай гигант океанда кемелерге чоң коркунуч жаратат.
Акыркы жолу Эймери мөңгүсүнөн айсберг бөлүнүп чыккан учур 1960-жылдардын башында болгон.
Эймери - Антарктидадагы чоңдугу боюнча үчүнчү орунда турган мөңгү. Анын аянты болжолу 40 миң чарчы км.
Көп жылдык байкоолордон кийин бул окуя өзгөчө көңүлдү бурат.
"Биз жыйынтыгы ушундай болорун билгенбиз. Бирок таптакыр биз күтпөгөн жерден болду",-дейт АКШдагы илимий изилдөө институнун профессору Хелен Фрикер. Мөңгүгө изилдөөчүлөр узак жылдар боюу байкоо салып келишкен.
Окумуштуулар айсберг мөңгүнүн чыгыш тарабынан бөлүнүп чыгат деп ойлойшкон. Бирок алар болжогон жердеги муздар дагы деле бөлүнбөй кармалып турат.
Хелен Фрикер белгилегендей, муздун бөлүнүп чыгышын глобалдык жылыланууга эч кандай байланышы жок.
1990-жылдардан бери спутник аркылуу сүрөткө алынып келген Эймери мөңгүсүнүн абалы азырынча туруктуу. Жай айларындагы муздар активдүү эригени менен, мөңгү теңсалмактуулугун сактап турат.
D28 айсберги эсептөөлөргө караганда, 210 метр калыңдыкта жана болжолу салмагы 315 млрд тоннага барабар.
Толкун жана деңиз шамалы D28 айсбергин батышты көздөй айдап жатат. Бул муз эми майда бөлүкчөлөргө бөлүнүп, эрип жок болгончо бир топ жылдар өтөт. (AbA)