Антарктидада муз бат ээрип жатат, бирок...

Published

Окумуштуулар соңку 200 жыл ичиндеги Антарктидага жыл сайын канча кар түшөрүн аныктай алышты.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, мындан 200 жыл мурун Антарктидага азыркыга салыштырганда 10 пайызга кар аз жааганы белгилүү болгон.

Суулардан бууланышынын чоң бөлүгү жерге антарктикалык кар болуп кайтууда. Бул дүйнөлүк океандын деңгээлинин жогорулашын жайлатат. Бирок ошол эле учурда антарктикалык муздардын ээришин тезедетти.

1801-1810-жылдарга салыштырганда 2001-2010-жылдары Антарктидага жыл сайын болжолу 272 млрд тонна кар түшкөн. Көлөмүн алганда, бул жылдык гана "өсүү" Өлүү деңиздеги суудан эки эсе көп, Жаңы Зеландиянын бүтүндөй аймагын бир метр кар менен жапканга жетет.

Изилдөөнүн жыйынтыгы менен Антарктиданы изилдөө боюнча британдык институттун өкүлү доктор Лиз Томас тааныштырды. Анын доклады Венада өткөн Европадагы илимий биримдиктин (European Geosciences Union (EGU) жыйынында жасалды.

Лиз Томастын айтымында, иликтөөнүн негизги максаты Антарктида муздарынын ээриши боюнча илимий маалыматтарды алуу болгон.

"Акыркы учурларда көңүлдүн баары Пайн-Айленд жана Туэйтс сыяктуу мөңгүлөрдөгү кардын ээришине бурулуп жаткандай. Мунун менен бирге эле жааган кардын көлөмү тууралуу маалыматтарыбыз аз эле,-деп түшүндүрөт ал. -Ушуга чейин кардын көлөмү дээрлик өзгөрүүсүз, туруктуу деп эсептелип келген. Биздин иликтөө андай эмес экенин көрсөттү".

Доктор Лиз Томас жана анын кесиптештери Антарктида боюнча 79 кудукту казышып, тоңуп калган кардын катмарларын иликтеген. Химиялык анализдин жардамы менен кар кайсыл жылы жааганын гана эмес, анын көлөмүн дагы аныктоого мүмкүн болгон.

Ииликтөөнүн жыйынтыгы менен Антарктида муздарынын ээришине спутниктен салынган байкоо бири-бирине эч кандай карама-каршы келбейт деп баса белгиледи доктор Томас.

"Кар калың жааганына карабастан муз бат ээрип жатат",-деди спутниктен байкоо салган окумуштуулардын бири доктор Анна Хогг.

"Биздин баамыбызда Антарктидадагы муздардын ээришинин натыжайсында 1992-жылдан бери деңиздин деңгээли 4,3 мм көтөрүлгөн", -дейт Хогг.

Доктора Лиз Томастын изилдөөсүнүн жыйынтыгы EGU Climate of the Past журналына жарыяланды. (AbA)