Антарктидада 315 млрд тонна муз бөлүнүп чыкты

    • Author, Жонатан Эймос
    • Role, Би-Би-Си
  • Published

Чыгыш Антарктидадагы Эймери мөңгүсүнөн чоң муз бөлүнүп чыкты. 50 жылдан бери мындай көлөмдүү муздун ажыраган учуру болгон эмес.

Спутниктен алынган сүрөттө айсбергдин мөңгүдөн бөлүнүп чыкканга чейинки жана андан кийинки көрүнүшү

Сүрөттүн булагы, COPERNICUS DATA/SENTINEL-1/@StefLhermitte

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Спутниктен алынган сүрөттө айсбергдин мөңгүдөн бөлүнүп чыкканга чейинки жана андан кийинки көрүнүшү

Өзүнүн аянты боюнча (1,6 миң чарчы км.) D28 айсберги шотландиялык Скай аралынан бир аз гана кичине. Калыңдыгы болжолу 210 метр музду эми изилдөөчүлөр такай байкоого алып турушу керек. Антпесе мындай гигант океанда кемелерге чоң коркунуч жаратат.

Акыркы жолу Эймери мөңгүсүнөн айсберг бөлүнүп чыккан учур 1960-жылдардын башында болгон.

Снимок "Шатающегося зуба" начала 2000-х годов.

Сүрөттүн булагы, NASA

Эймери - Антарктидадагы чоңдугу боюнча үчүнчү орунда турган мөңгү. Анын аянты болжолу 40 миң чарчы км.

Көп жылдык байкоолордон кийин бул окуя өзгөчө көңүлдү бурат.

"Биз жыйынтыгы ушундай болорун билгенбиз. Бирок таптакыр биз күтпөгөн жерден болду",-дейт АКШдагы илимий изилдөө институнун профессору Хелен Фрикер. Мөңгүгө изилдөөчүлөр узак жылдар боюу байкоо салып келишкен.

Окумуштуулар айсберг мөңгүнүн чыгыш тарабынан бөлүнүп чыгат деп ойлойшкон. Бирок алар болжогон жердеги муздар дагы деле бөлүнбөй кармалып турат.

Хелен Фрикер белгилегендей, муздун бөлүнүп чыгышын глобалдык жылыланууга эч кандай байланышы жок.

Эймери

Сүрөттүн булагы, Richard Coleman/UTAS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жай айларындагы муздар активдүү эригени менен, мөңгү теңсалмактуулугун сактап турат

1990-жылдардан бери спутник аркылуу сүрөткө алынып келген Эймери мөңгүсүнүн абалы азырынча туруктуу. Жай айларындагы муздар активдүү эригени менен, мөңгү теңсалмактуулугун сактап турат.

D28 айсберги эсептөөлөргө караганда, 210 метр калыңдыкта жана болжолу салмагы 315 млрд тоннага барабар.

Толкун жана деңиз шамалы D28 айсбергин батышты көздөй айдап жатат. Бул муз эми майда бөлүкчөлөргө бөлүнүп, эрип жок болгончо бир топ жылдар өтөт. (AbA)