Ɵзбекстанда ысырап аш-тойлорго чектөө салынды

Тойго чектөө салынды

Сүрөттүн булагы, BBC O'ZBEK

Published

Ɵзбекстанда парламент үйлөнүү үлпөттөрүн, маараке тойлорду жана сөөк коюу ырым-жырымдарын бир тартипке салган жобону бекитти. Анда аш-тойлорго чакырылган адамдардын санына, өткөрүү убактысына чектөө коюлган жана кредит алууга тыюу салынган.

Жаңы тартипке ылайык, бардык салтанаттар кечки саат алтыдан түнкү саат он бирге чейин өтүшү керек. Сөөк коюу жана аза күтүү жыйындары үч күнгө чейин созулат.

Салтанат тойлорго чакырылган меймандар 200 дөн ашпоого тийиш. Үйлөнүү тоюна 250гө чейин чакырса болот. Сөөк коюуга келген адамдардын санына чек коюлбайт.

Үйлөнүү үлпөтүндө кортеждеги автоунаа үчтөн ашык болбошу керек. Боло турган той жөнүндө жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына алдын ала билдирүү керек. Ошондой эле аш-тойлорго кредит алып керектөөгө тыюу салынат.

Үйлөнүү үлпөтүндө кортеждеги автоунаа үчтөн ашык болбошу керек.

Сүрөттүн булагы, BBC O'ZBEK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үйлөнүү үлпөтүндөгү кортеждеги автоунаа үчтөн ашык болбошу керек.

Ошондой эле жободо улуттук каада-салтка туура келбеген, адеп-ахлак нормаларына сыйбаган, кошумча ыгым-чыгымы көп ырым-жырымдарга да жол берилбейт деп жазылган. Мисалы, "күйөө көрүү", "сеп көрүү", "куда чакыруу", "келин чакыруу". Маркумду акыркы сапарга узатууда дагы ушундай чектөөлөр бар: жети күн, кырк күн, жылдык, жыртыш ж.б ырым-жырымдар болбош керек.

Бул жобону талкуулоо учурунда депутаттар эл ичинде бири-бирине атаандашып, төгүлүп чачылып ысырап той бергендер, карызга баткандар көбөйүп кеткенин жүйө тартышты. Бул сарамжал жашоо жөнүндө улуттук салт-санаага да жатпай турганын айтышты. Карызга баткандар аргасы жок үй-бүлөсүн таштап, акча таап келгени сыртка кетип жатканы да мисал айтылды.

Парламент бекиткен жободо улуттук каада-салтка сыйбаган, ысырапкор ырым-жырымдарды дагы тыюу жөнүндө жазылган.

Сүрөттүн булагы, UMIDA AHMEDOVA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Парламент бекиткен жободо улуттук каада-салтка сыйбаган, ысырапкор ырым-жырымдарды дагы тыюу жөнүндө жазылган.

Бул жобонун аткарылышына жергиликтүү кеңештер жана жергиликтүү укук коргоо органдары көз салат.

Эми бул эреже канчалык аткарылат, кеп ошондо. Анткени, анын мыйзамдык күчү жок, сунуш иретинде гана болуп жатат. Ошол себептүү, эрежени аткарбай койгондорго атайын каралган жазалоо чаралары жок.

Той

Сүрөттүн булагы, BBC O'ZBEK

Бирок, Ɵзбекстандын шартында бөк ал десе, баш алып көнүп калган укук коргоо органдары бул жобого жамынып, ар кандай ишке барышы мүмкүн. Ошондуктан бул көзөмөл органдарынын эле чөнтөгүн кампайткандан башка пайда бербей калбайбы деген беймаза суроо бар.

Ал эми жергиликтүү бийлик органдары чектен чыгып той берип жаткандарды көрмөксөн болуп коюшу мүмкүн, бирок анын да ооз басырыгы болбой койбойт. (КС)