Өлүмгө жеткирген салют: Минск орусиялык компанияны айыптады
Белоруссиянын эгемендик күнүнө арналган майрамдык салют учурунда 64 жаштагы аял каза таап, бир нече киши жаракат алган. Тергөө кызматы бул үчүн орусиялык пиротехниканы айыптады. Кечээ орусиялык компаниянын эки өкүлү кармалганы белгилүү болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кабарларга караганда, орус жарандары майрамдык салюттарды даярдоого техникалык жардам көрсөтүү үчүн келишкен.
Тергөө комитетинен сырткары өлкөнүн Коргоо министрлиги дагы өз алдынча иликтөө иштерин баштаган. Министрликтин сайтында салют коё берилет деп белгиленген алты жердин үчөөндө жарылуу болгону айтылат. Биринчи жарылуудан кийин эле фейерверкти токтотушкан.
Белоруссиянын Тергөө комитетинин жана Коргоо министрлигинин адистери пиротехниканын дүрмөтү сапатсыз болгон деген божомолду айтып жатышат. "Пиро-Росс" деп аталган орусиялык компания Минскте колдонулган фейерверк 2017-жылы өндүрүлгөнүн айтты.
Аталган компания Орусиядагы негизги өндүрүшчүлөрдүн бири. Анын продукциялары ири майрамдык иш-чараларда колдонулуп келген.
Окуя аскердик параддан кийин түн ортосунда болгон. Майрамдык салютту көргөнү келгендер катуу жарылууну угушкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Саламаттыкты сактоо министрлиги он киши медициналык жардам сурап кайрылганын маалымдады. Эки киши ооруканага жаткырылган. Аларга ошол эле күнү операция жасалган.
Күбөлөрдүн айтымында, фейерверк жогору көтөрүлбөй эле жерде жарылып кеткен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул жылы өткөрүлгөн аскердик парад Минсктин фашисттик баскынчылардан бошотулушунун 75 жылдыгына арналды. Белоруссиянын мамлекеттик каналдары аскердик парадды жана майрамдык салтанатты көрсөтүп, бирок фейерверк жарылган учурларды көрсөткөн жок. (AbA)
































