Кытай: мектеп окуучуларына берилген үй тапшырма катуу талкууда

Children in class at a preschool in China

Сүрөттүн булагы, Beijing News

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Almost half of parents surveyed have 'bribed" teachers in 2018, to avoid unfair treatment
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кытайдын түштүгүндөгү Шэньчжэнь шаарынын мектеп окуучуларына үй-бүлөлүк унааны сүрөткө тартып келгиле деген үй тапшырма берилген. Бул кадам мугалимдердин окуучуларга карата дискриминациясы тууралуу кызуу талкууга жем таштады.

Активисттердин айтымында, мугалимдер мектеп окуучуларынын финансылык абалы тууралуу маалымат топтоону көздөгөн.

Кытайда коомдук тармактар аркылуу мугалимдер окуучулардын турмуш шартына жараша мамиле кылат деген дооматтар көп айтылат. Ата-энелер көбүнчө эски окуу системасына нааразы болушат жана ага ишенбейт.

Талкуу жаралгандан кийин жергиликтүү бийлик мектептин долбоорун токтотту.

Балдардын өзүнө болгон ишеними

Лихай Чучең мектебинин мугалимдери окуучуларга "оюнчук эмес, чыныгы унааны" сүрөткө тартышыңар керек деген тапшырма берген.

Айрым ата-энелер үй-бүлөлүк унаа менен билим берүүнүн кандай байланышы бар деген суроо жолдошкон. Алар бул маалымат менен мектеп келечекте балага кандай мамиле кылуу керек экенин аныктамак деген божомолун айтышты.

"Мындай үй тапшырма жарды жашаган балдардын өзүнө болгон ишенимин төмөндөтөт. Ата-энеси бай окуучулар мактанып, мугалимдер аларга жакындаганга аракеттенет",-деп жазган коомдук тармакка ата-энелердин бири.

Буга чейин Лихай Чучең мектеби сыяктуу эле башка окуу жайлар дагы ушундай эле тапшырмаларды беришкен. 2018-жылы Шэньчжэнь шаарындагы бала бакчалардын бири "үйүңдү жана үйдөгү байлыгыңды" сүрөткө тартып кел деген тапшырма берген экен.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Ошондой эле окуучунун ата-энесинин байлыгына карата мамиле кылганы үчүн иштен алынган мугалимдер дагы болгон. Мисалы, Хэйлунцзян провинциясында окуучу мугалимге белек бербей койгону үчүн шылдыңдалып, чуу чыккан. Окуучуну маскаралаган мугалим иштен алынган. Кытайлыктар мындай мисалдар абдан көп экенин коомдук тармактарга жазып жатышат.

2018-жылы өткөрүлгөн сурамжылоого ылайык, мектепте балдары окуган ата-энелердин дээрлик жарымы байлыкка карата дискриминация бар деп айтышкан. Айрым ата-энелер баласына туура мамиле кылсын деген үмүт менен мугалимдерге акча берүүгө аргасыз болгонун дагы белгилешкен. (AT)