Чек ара кызматы коррупцияга шектелүүдө

Жалпы сатып алынган тикенек зым 56 миң метр деп айтылып жатат, мамлекетке келтирилген чыгым  3,5 миллион сом деп бааланууда.

Сүрөттүн булагы, ferghana.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жалпы сатып алынган тикенек зым 56 миң метр деп айтылып жатат, мамлекетке келтирилген чыгым 3,5 миллион сом деп бааланууда.
Published

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин Коррупцияга каршы кызматы Чек ара кызматынын жетекчилиги коррупция боюнча шектелип жатканын билдирүүдө.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 2013-жылдын 27-ноябрында Чек ара кызматы Жаза аткаруу мекемесинен чек араны тосуу үчүн тикенек зым сатып алууда “Мамлекеттик сатып алуулар” боюнча мыйзамды бузуп, баасын көбөйтүп жазып, өлкө бюджетине ири суммадагы зыян келтирген деп айтылып жатат.

Жалпы сатып алынган тикенек зым 56 миң метр деп айтылып жатат, мамлекетке келтирилген чыгым 3,5 миллион сом деп бааланууда. Бул боюнча Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басарына жана бир катар жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө. Чек ара кызматы азырынча бул айтылгандар боюнча пикирин билдире элек.