Кыргыз бийликтери Азиз Батукаевди алып келүү аракетин көрүүдө

Сүрөттүн булагы, b
Россияда Чеченстандын борбору Грозныйда уюшкан кылмыштуу топтун лидери Азиз Батукаев кармалганын, Россиянын укук коргоо органдары аны Кыргызстанга өткөрүп бермекчи болуп жатышканын россиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Кыргызстандын бийликтери издөөдө жүргөн Азиз Батукаевди кайтарып берүүнү талап кылып Россияга мурда эле кайрылган. Ошол талап өтүнүчтүн негизинде Батукаевди алып келүүнүн укуктук аракеттери көрүлүп жатканын Би-Би-Сиге башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова билдирди.
"Анын кармалганы жөнүндө биз россиялык кесиптештерибизден кечээ эле кабар алдык. Азыркы учурда биздин өтүнүч талап боюнча Россиянын Башкы прокуратурасы тарабынан экстрадициялык текшерүү болот. Андан кийин укуктук өз ара жардамдашуу конвенциясына ылайык чечим кабыл алынат",-деди Людмила Усманова.
Азиз Батукаев көп жылдардан бери түрмөдө болчу. Акыркы жолу ал 2006-жылы түрмөдө тополоң уюштуруп, ЖК депутаты Тынычбек Акматбаевге кол салып өлтүргөнү үчүн он алты жылга кесилген. Жазасын Нарын шаарындагы түрмөдө өтөп жаткан жеринен 2013-жылы апрелде шаардык сот мөөнөтүнөн мурда бошотуп жиберген.
Нарын шаардык соту аны оорусуна байланыштуу өлүм алдында жатат деген жүйөө менен абактан эрте бошоткон. Азиз Батукаев чыгар замат эле Грозный шаарына учуп кеткен.
Ошондон кийин Жогорку Кеңеште депутаттар чуу көтөрүп, комиссия түзүп текшерип, комиссия акыры Батукаевди мыйзамсыз бошоп кеткен деген бүтүмгө келген.
Ушул жылы 30-апрелде Нарын шаардык соту Батукаевди бошоткон чечимин жокко чыгарган. Уюшкан кылмыштуу топтун лидерине эл аралык издөө жарыяланган.
"Экөөнүн бирөөсү калат"
Эми Батукаевди Кыргызстанга алып келүүгө кыргыз бийлиги чындап аракет кылабы, эгер ал алынып келсе өлкөдөгү криминалдык кырдаалга кандай таасир берет деген кыжаалат суроолор кырынан турууда. Анткени, Батукаевдин бошоп кетишин эксперттер анын кылмыштуу чөйрөдөгү лидерликтен баш тартканын билдирет деп жатышкан. Эми кылмыштуу дүйнөнүн төбөлү Камчы Көлбаев жакында эле түрмөдөн бошоп чыкканын эске алганда, кылмыштуу дүйнөдө бийлик талашып кайрадан кырчылдашпайбы деген ой кетүүдө.
"Жакшы нерсеге алып барбайт экөөнүн тиреши. Бул бирдеңке менен бүтөт. Мурда деле кылмыштуу чөйрөдө бийлик талашканда бири-бирине кол салышып, бирөөсү калып, бирөөсү кетчү. Бул жолу деле ошол сыяктуу болот",-дейт мурдакы аскер прокурору Кубат Кожоналиев.
Кыргызстандагы оппозициялык саясий күчтөр Батукаевди бошотуп жибергени үчүн укук коргоо органдарынын жетекчилерин, президент Атамбаевдин өзүн дагы коркунучтуу кылмышкерлерди калкалап, тымызын иштерди жасап келатат деп аесуз сындап келатышат.
Айрым саясатчылар Азиз Батукаевдин түрмөдөн эрте бошотулушу кыргыз жана орус бийликтеринин ортосундагы тымызын сүйлөшүүлөрдүн жана макулдашкан пландын натыйжасы болду деген пикирлерин айтышкан.
Каршылык акциясына чыккан саясий күчтөр Келдибеков сыяктуу оппозициялык ишмерлерди камактан чыгарбай, андан көп эсе коркунучтуу Батукаевди эмне үчүн чыгарып жиберет деп азыркыга дейре бийликти көр жемеге алып келатат.
Байкоочулардын баамында, эми Батукаев Россияда кармалгандан кийин да аны алып келүүгө кыргыз бийлигинин күчү жетпесе, анда оппозициянын сөзү ого бетер чоң чыгат, ал эми бийликтин бедели дагы түшөт дешет.
































