Францияда парашютчуларды ташыган учак кырсыктап, 11 адам каза болду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматы боюнча, Франциянын чыгышындагы Томблен шаарында парашютчуларды ташыган жарандык учак кырсыкка учурап, он бир адам: учкуч жана 10 жүргүнчү — беш окуучу менен беш инструктор каза болду.
Жергиликтүү ЖМКлардын кабарлашынча, парашютчулар мектебине таандык учак Нанси-Эссей аэродромунан абага көтөрүлүп, көп өтпөй соода борборунун жанындагы курулуш жүрүп жаткан аймакка кулаган.
Полиция калкты Мерт-и-Мозель департаментиндеги аэропорттун айланасындагы аймактан алыс болууга чакырды.
Франциянын транспорт министри Филипп Табаро өзү жана ички иштер министри Лоран Нуньес кырсык болгон жерге баратканын билдирип, аны "үрөй учурган трагедия" деп атады.
AFP агенттигинин маалыматына караганда, Мерт-и-Мозель чыгыш департаментинин префекти Ив Сеги окуянын кесепетинен бөтөн адамдар жабыркабаганын кабарлады.
"Учак дээрлик тикесинен, аэродромдун четиндеги турак жай комплексине жакын жерге кулады", - деди Сеги француздук BFM телеканалына жана кошумча курмандыктар болбогону чоң олжо экенин белгиледи.
Сеги кырсык болгон жерге «олуттуу ресурстар», анын ичинде 25 автоунаа жана 50 өрт өчүрүүчү тартылганын айтты.
"Мындан тышкары, бардык полиция бөлүмдөрү, ошондой эле жарандык коргонуу кызматы кеңири мобилизацияланды, - деди ал. - Учурда биз стандарттуу иликтөө жүргүзүү үчүн соттук эксперттер тобунун келишин күтүп жатабыз".
L'Est Republicain аймактык жаңылыктар сайтынын маалымдашынча, аэродромдун президенти Франсуа Пелиссье кырсыкты чоң трагедия» деп атап, каза болгондордун айрымдары парашют менен секирүү мүмкүнчүлүгүн белек катары алышканын билдирди.
Томблендин мэри Эрве Ферон да учак учуу учурунда учуу тилкесинин аягына жакын жердеги велосипед жолуна кулаганын маалымдады.
Жергиликтүү бийлик учак кулаган учурда аэродромдо каза болгондордун жакындары болгонун кабарлады.
































