Кумтөр меморандуму такталат

Published

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумду кайра карап чыгууну тапшырды.

Сатыбалдиевдин айтымында, бул боюнча элге так маалымат жетпей жатат.

Андыктан, жумушчу топ мүчөлөрү “Центерра Голд" биргеликте түзүлчү ишканадагы Кыргызстандын үлүшүн кайрадан изилдеп, тактап чыгышы керек деди Сатыбалдиев.

Өкмөттүк өкүлдөр бул келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы эң жогорку деңгээлде корголгон деп эсептейт. Бирок, мындай пикирге парламентте жана коомчулук ичинде каршылыктар көп.

Буга чейин меморандум парламенттик комитеттерде каралып, көптөгөн сын-пикирлерге кабылган.