Бийлик Сарууда мыйзамдуу чараларды көрөрүн эскертти

Саруу айылындагы акциянын уюштуруучулары жолду коопсуздук максатында бууганын айтышууда. Жергиликтүү лидерлердин бири Абай Узаков алардын негизги талаптары камактагы активисттерди бошотуу, куугунтукту токтотуу жана Кумтөр алтын кени боюнча Кыргызстанга 70%дан кем эмес үлүш талап кылуу экенин айтты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саруу айылындагы акциянын уюштуруучулары жолду коопсуздук максатында бууганын айтышууда. Жергиликтүү лидерлердин бири Абай Узаков алардын негизги талаптары камактагы активисттерди бошотуу, куугунтукту токтотуу жана Кумтөр алтын кени боюнча Кыргызстанга 70%дан кем эмес үлүш талап кылуу экенин айтты.
Published

Жети-Өгүз районундагы Саруу айлында кырдаал тынч. Кечээ кечинде жергиликтүүлөр Балыкчы-Бөкөмбаев-Каракол жолунун айылга туташкан бөлүгүн ачууга макул болушкан. Активисттер бул жолду бир нече саатар бою бууп коюшкан.

Ички иштер министрлиги абалды курчутуп жибербөө үчүн аймакка коопсуздук күчтөрүн жөнөтпөгөнүн айтышууда.

"Айылдыктар жолдун боюна күйүүчү май жана таштарды тизип алган. Андыктан күч органдары ал жерге барчу болсо, чатак чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар", - деди ИИМдин өкүлү Жоробай Абраимов Би-Би-Сиге.

"Бирок, акция кандайдыр бир тартип бузуулар менен коштолсо, анда мыйзамдуу чаралар көрүлөт", - деп кошумчалады ал.

Саруу айылындагы акциянын уюштуруучулары жолду коопсуздук максатында бууганын айтышкан. Жергиликтүү лидерлердин бири Абай Узаков алардын негизги талаптары камактагы активисттерди бошотуу, куугунтукту токтотуу жана Кумтөр алтын кени боюнча Кыргызстанга 70%дан кем эмес үлүш талап кылуу экенин айтты.

"Биз бул талаптар аткарылмайынча акырына чейин турабыз. Күч колдонуудан коркпойбуз. Бүгүн эртең менен ата-энелерибиз, туугандарыбыз менен коштошуп койдук", - деди ал.

Анткени менен Саруу айлынын аксакалдары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда маселени тынч чечүү максатында сүйлөшүүлөр жүрүп, жолду ачууга макулдашкан.

8-октябрда Ысык-Көлдүн Саруу айылында ондогон тургундар кайрадан чогулуп, жолду бөгөп алышкан. Айрым маалыматтарга караганда нааразылыкка чыккан кишилердин саны 300дөн ашат. Уюштурчуучулар миңден ашуун киши бар деп айтышууда.

Мындан мурдараак, президент Алмазбек Атамбаев күч структуралардын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, Караколдогу дүйшөмбү күнү күч менен таратылган митингдин уюштуруучуларын жоопко тартууга чакырган.

Ал ортодо “Кумтөр” компаниясынын жумушчулары дагы өлкө жетекчилерине ачык кат жолдоп, кендин айланасындагы талаш талкууларды “саясий оюн” деп мүнөздөшкөн. Компания тараткан катта Ысык-Көл аймагындагы толкундоолор алтын чыгаруучу компаниянын ишине тоскоолдуктарды жаратып жатканы белгиленген.

Дүйшөмбү күнү Кумтөр кенине байланыштуу Караколдогу нааразылык акциясына жүздөгөн кишилер катышып, өкмөттүн аймактагы өкүлү Эмилбек Каптагаев барымтага алынган.

Кечке маал демонстрациянын катышуучулары күч менен таратылып, өкмөттүн өкүлү бошотулган эле. Акцияны уюштурган деп шектелген 23 киши камакка алынып, суракка алуу үчүн Бишкекке жеткирилген.

Камалгандардын арасында Саруу айылынын тургандары да болгону айтылууда.

Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.