"Э" же "Е"? Кыргыз тилинин жазуу эрежелери талкууда
Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргыз тилинин жаңы жазуу эрежелеринин долбоорунда кыргыз сөздөрүндө тескери "Э" тамгасынын ордуна "Е" тамгасын колдонуу сунушталууда. Ал эми "Э" тамгасын чет тилден кирген сөздөрдө колдонуу мурдагыдай эле кала берет. Мисалы, аэропорт, эвакуация, эволюция жана башка. Сунушту Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия түзгөн эксперттик топ иштеп чыккан. Алардын орфография багытындагы долбоору 25-июнда Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйын залында кеңири талкууланды. Долбоорго каршы чыккандар да болууда. Алар "Э" тамгасынын ролун белгилеп жатышат.
Эксперттик топтун төрагасы, Илимдер академиясындагы Тил институтунун директору Сыртбай Мусаев Би-Би-Сиге маек куруп, коомдук талкууларда талаш жана талкуу жараткан жаңы өзгөрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берди.
Би-Би-Си: Үч күн мурун жазуу эрежелери жаңы долбоорун сунуштап, кыргыз алфавитинен "Э" тамгасын алып салуу боюнча сунуш киргиздиңиздер. Буга кандай зарылчылык болду?
Сыртбай Мусаев: "Негизинен "Е"ге каршы пикирлер болуп жатат. Биздин тилде эки: "Э" да "Е" да болсун деп жатышат. "Элик" дегенди "елик" деп айтып калабызбы деп жатышат. 1940-жылдары орус кириллицасына өтүп жатканда йоттошкон төрт тамганын бири катары алфавитибизге "Е" да кирген, аны "ЙЕ" деп окутуп, үйрөтүп коюшкан. Ага чейин аны "Э" деп эле окуп келгенбиз. Обратный "Э" дегенди Петр Орусияда 1810-жылдары эле киргизген. "Э" деген дүйнөдө орус, беларус, моңгол жана бизден башка эч кимде жок. Дүйнөдө төрт эле элде ушул обратный "Э" бар. Кириллицага өткөнгө чейин биз "Е" деп эле колдонгонбуз. "Э" деген болгон эмес, араб жазуусун, латын жазуусун деле карап көрсөңөр. Бирок аны түшүнбөгөндөр, "Эрмек" болсом, мен эми "Йермек" болуп каламбы деп жатышат. Алар адистер эмес, тилчилер эмес. Бизди кезинде "Е"ни "ЙЕ" деп окутуп койгон, йоттошкон тамгалардай кылып. Бир эле "Е" ни эки тамга менен белгилеп жатканыбыз алфавиттин өзүнүн принцибине каршы келет. Фонема бирден тамга менен белгилениши керек. "Е" дегенди "ЙЕ" деп окутуп, башыбызга сиңдирип койгон. Мисалы, "элечек", "эмерек" деген сөздөрдү "элйечек", "эмйерек" деп окушкан жок да. Бул маселени ушул жагынан караш керек. Бул өзгөрүүдөн тил өнүгүп деле кетпейт, өзгөрүп деле кетпейт. Бирок жаштардын, элдин сабаттуулугуна таасир этет. Бир фонеманы ар түрдүү тамга менен белгилөө тилдин, алфавит түзүүнүн маданиятына туура келбеген маселе. Бул маселени эл бара-бара түшүнөт. Азыр биринчи жолу талкуу болгондуктан айрымдары түшүнүп-түшүнбөй, айрымдары эмоция менен ар кайсыны айтып жатышат. Мындан тилге теориялык же практикалык зыян болбойт.
Би-Би-Си: "Э" же "Е" маселесин албаганда жаңы жазуу эрежелерине олуттуу дагы кандай эрежелер киргени жатат?
Сыртбай Мусаев: Эң эле олуттуусу жана негизгиси ушул. Калгандары айрым жазылышы талаш жаратып жүргөн сөздөрдүн жазылышын бир калыпка салалы деген ой болду. Өзгөчө кошмок сөздөрдү бириктирип жазуу, ортосуна дефис коюп жазуу деген майда, бирок көп маселе бар. Ошолорду мүмкүн болушунча тактаганга аракет кылдык. Кошмок сөздөрдүн жазылышы, анан баш тамгалардын жазылышы боюнча да сунуштар бар. Кээде беш-алты сөздүн баары эле баш сөз менен жазылып кеткен учурлар бар. Айрым кошмок сөздөр бириктирилип, кээси кошулуп жатат. Ошолорду тактап койдук. Эми өзгөрүүлөргө, айрыкча "Е" туурасында азыр эмоция менен жооп берип жатышат го. Биринчиден, көздөрү көнбөй жатат, экинчиден, мурдагы туура эместиктердин баарын колдоно берсең, ката деле туурадай сезилип калат. Бул эми бара-бара оңоло турган маселе. Бул биринчи эле талкуу болду. Эл оюн айтып алсын, дагы аймактарда талкуулар жүрөт.

Сүрөттүн булагы, Official
Би-Би-Си: Жаңы эрежелерди канча убакыт ичинде иштеп чыктыңар?
Сыртбай Мусаев: 29 кишиден турган эксперттик топ бир жыл ичинде иштеп чыктык. Аны Тил комиссиясы негиздеп, бүт жети облустан өкүлдөр кирген. Ар аймактан журналисттерди, мугалимдерди жана тиешелүү кишилерди чогултуп, алардын дагы пикирлери чогултулду. Ошол пикирлерди биз эксперттик топ жалпылаштырдык. Биз иштеп чыккан эрежелер Мусаевдики же Мураталиевдики эмес, бүт регион боюнча келген пикирлерди эске алуу менен жазылды.
Би-Би-Си: Бизде латын алфавитине өтүү боюнча талкуулар көптөн бери эле өлкөдө көтөрүлүп келет. Жаңы жазуу эрежелери ошого бир кадам деп айтса болобу?
Сыртбай Мусаев: Муну өкмөт башчысы чечет. Окумуштууларга тапшырма берет, анан алар иштеп чыгат. Борбор Азияда дээрлик баары латын алфавитине өтүп атат. Биз ошол боюнча конференция, жыйындарга такай катышып келе жатабыз. Аларда болгон кемчиликтерди кайталабайлы деп мен окумуштуу катары, кактап, жазып алып жүрөм. Биз эртеби, кечпи латынга өтөбүз.

































