Саруу айылында жол тосулуп, нааразылык күчөдү

Жергиликтүүлөр аймактагы көпүрөнүн үстүн бууп, бирок унааларды өткөрүп жатышат. Учурда Саруу айылындагы кардаал курч деп билдирдиришүүдө күбөлөр.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жергиликтүүлөр аймактагы көпүрөнүн үстүн бууп, бирок унааларды өткөрүп жатышат. Учурда Саруу айылындагы кардаал курч деп билдирдиришүүдө күбөлөр.
Published

Ысык-Көлдүн Саруу айылында ондогон тургундар кайрадан чогулуп, жолду бөгөп алышты. Айрым маалыматтарга караганда нааразылыкка чыккан кишилердин саны 300дөн ашат. Уюштурчуучулар миңден ашуун киши бар деп айтышууда.

Жергиликтүүлөр аймактагы көпүрөнүн үстүн бууп, бирок унааларды өткөрүп жатышат. Алар Саруу айылына коопсуздук кучтөрун киргизбөө максатында жолду бууганын билдиришкен. Учурда Саруу айылындагы кардаал курч деп билдирди окуяга күбө болуп турган журналист Чыныбек Ажыбеков Би-Би-Сиге.

Мындан мурдараак, президент Алмазбек Атамбаев күч структуралардын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, Караколдогу дүйшөмбү күнү күч менен таратылган митингдин уюштуруучуларын жоопко тартууга чакырган.

Ал ортодо “Кумтөр” компаниясынын жумушчулары дагы өлкө жетекчилерине ачык кат жолдоп, кендин айланасындагы талаш талкууларды “саясий оюн” деп мүнөздөшкөн. Компания тараткан катта Ысык-Көл аймагындагы толкундоолор алтын чыгаруучу компаниянын ишине тоскоолдуктарды жаратып жатканы белгиленген.

Дүйшөмбү күнү Кумтөр кенине байланыштуу Караколдогу нааразылык акциясына жүздөгөн кишилер катышып, өкмөттүн аймактагы өкүлү Эмилбек Каптагаев барымтага алынган.

Кечке маал демонстрациянын катышуучулары күч менен таратылып, өкмөттүн өкүлү бошотулган эле. Акцияны уюштурган деп шектелген 23 киши камакка алынып, суракка алуу үчүн Бишкекке жеткирилген.

Камалгандардын арасында Саруу айылынын тургандары да болгону айтылууда.

Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.