АКС жоюлду: "УКМК экономика жана саясатка кийлигишпеши керек"

Published

Эл ичинде "АКС" катары белгилүү Коррупцияга каршы кызмат УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин карамагындагы эң маанилүү кызматтардын бири эле. Президент Садыр Жапаров атайын кызматтын карамагындагы АКСти жоюу тууралуу жарлыкка кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы, бул чечим ириде мамлекеттин бизнеске аралашуусуна чек коюу максатында кабыл алынып жатканын билдирди.

"Мындай текшерүүлөр укук коргоо органдарынын өтүнүчүнүн негизинде жүрүп жатканы айтылууда. Ушундан улам Каржы полициясынын ишин терең иликтеп, аны жоюу тууралуу чечим кабыл алганбыз. Бул бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадам болгон. Муну улай УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызмат жоюлат", - деген эле 23-июнда ишкерлер менен жолугушуу учурунда Садыр Жапаров.

Саясат талдоочу Мусуркул Кабылбеков Би-Би-Си бул окуяга төмөндөгүдөй талдоосун берип жатып, бул кыскартуу ириде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин таасирин азайтарын билдирген эле:

"Коррупцияга каршы кызмат УКМКнын колундагы саясатчыларга жана бизнеске басым көрсөтүүнүн эң кубаттуу куралы эле. Камчыбек Ташиевдин колунда мындай куралдын болушу анын абдан таасирдүү фигура экенинин кепилдиги эле. Анын кадыр-баркы президенттикинен ашпаса кем эмес болчу. Азыр эми ал кызматты жоеюбу же кайра башкача түзгөнү жатышабы белгисиз. Бирок бул туура кадам, себеби УКМК негизинде экономика жана саясатка кийлигишпеши керек. УКМК аты айтып тургандай улуттук коопсуздук, чалгын жана контор-чалгындык иштер менен алек болушу керек. Бул жаатта президент Садыр Жапаровдун бул кадамы абдан туура болду деп эсептейм".

АКС же Коррупцияга каршы кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда түптөлүп, коррупцияга байланышту чулгандуу иштерди тергеп келди.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков убагында бул кызматтын өзү коррупцияга малынып, "кол тийбес" кастага айланганын белгилеген. Кызматынан кетер алдында ал былтыр 14-октябрда өз жарлыгы менен бул кызматты жоюп кеткен. Бирок ошол эле айда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров ал жарлыкты жокко чыгарган эле.

Бирок жыл айланбай бул кызмат кайрадан жоюлганы жатат.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев АКС былтыр бюджетке 116 млн сом бюджетке кайтарганын ЖК жыйынында айткан. Январь-февраль айларында аталган кызмат 3 млрд сом каражатты кайра бюджетке кайтарганы айтылган. (EK)