You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Президенттин оң колу": Мамкатчы аткарчу иштин мааниси эмнеде?
Кыргыз коомчулугу бийлик төрүндөгү чоң кызмат болгон мамлекеттик катчынын дайындалышын күтүп жаткан убагы. 5-Майда ишке кирген жаңы Конституцияда аткаруу бийлигинде мамкатчынын кызматы каралган. Ал эмне иш кылышы керек, кандай адам бул ишти тартып кете алат деген суроолор боюнча талкуу болуп жатат.
Мамлекеттик катчы аткаруу бийлигинин курамында президенттин алдында иштейт. Ал аткаруу бийлигинин төрт багытынын бирине баш-көз болорун президент Садыр Жапаров 5-майда конституцияга кол койгондогу сүйлөгөн кайрылуу сөзүндө учкай айта кеткен эле.
"Биз улуттук маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү, кыргыз коомунун кайра идентификациялоо — улуттук кайра жаралуу процесси, кыргыз диаспоралары менен өз ара байланышуу маселелерин өзүнчө блокко камтыйбыз. Бул багытта мамлекеттик катчы иш алып барат»,-деген эле президент.
Мамлекет башчы ошондой эле мамкатчы салттуу үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөө, ааламдашуунун шартында нарк-улуттук нарк-дөөлөттөрдү сактоонун үстүндө да иштей турганын белгилей кеткен.
Кыргызстандын бийлик тутумунда 2007-жылга чейин мамкатчы кызматы бар болчу. Ал кызматта убагында академик Аскар Какеев, кесипкөй дипломат Ишенбай Абдуразаков, Осмонакун Ибраимов болду. Бакиевдин тушунда Дастан Сарыгулов, Адахан Мадумаров иштеди. Ал убакта мамкатчы президенттин ички жана тышкы саясатын координациялаган чоң милдетти аткарчу. Анын ичинде биринчи кезекте мамлекеттик саясаттын маалыматтык-аналитикалык, идеологиялык иштерин координация кылчу. Ошол эле убакта саясий партиялар, диний конфессиялар менен байланышты кармачу.
Кайрадан калыбына келген мамкатчынын кызматтык милдеттери өзүнчө бир жободо аныкталууга тийиш. Азыр ал документ колдо жок, ошол себептүү мамкатчынын кандай иш аткарышы керектиги жөнүндө жоромол-божомол деңгээлинде сунуш пикир айткандар көп болуп жатат.
Ошол себептүү мамкатчынын Конституциядагы каралган макамынан кандай милдеттер келип чыгат деген суроо менен Конституциялык кеңештин мүчөсү, профессор Чолпонкул Арабаевге кайрылдык.
"Мамлекеттик катчынын биринчи милдети, албетте, мамлекеттик идеология. Мамлекеттик идеология канчалык күчтүү болсо, мамлекет ошончолук күчтүү болот. Идеология деген патриотизмге, мекенчилдике тарбиялоо, аскердик өнөргө тарбиялоо, дене тарбиясы - ошонун баары идеология. Мамкатчы бир сөз менен айтканда анын оң колу болуш керек",-дейт Чолпонкул Арабаев.
Идеология демекчи, улуттук идея демекчи, азыркы учурда алар кандай болуш керек деген өзүнчө чоң суроо турат. Мурдакы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов анын өзү иштеп турган убактагы реалдуулук башка экенин, азыркы убакта улуттук тарыхый суроо-талап башка экенин айтууда.
"Азыр 21-кылымда башкача идеология керек. Биз бок-сакты айтып, куру сөз менен отурбайлы. Санариптешүү, технократия деген сөз - бүт баарын практикалык пайда көрө турган жагына оодарышыбыз керек. Жөн эле бирдемени калжырап сүйлөй бербей. Көчө болобу, жол болобу, пропаганда-агитация болобу, ошонун баарын, керектүү ишти чечкендей болуш керек. Жөн эле баатыр элбиз дей бербей. "Манасты" айтып бүткөнбүз эбак эле, чарчаганбыз. Башкасын ойлонушубуз керек",-дейт мурдакы мамкатчы.
Корутундулап айтканда, президент өзү айткандай, мамлекеттик катчы улуттук маданиятты, илим-билимди жана маданиятты өнүктүрүү, улуттук кайра жаралуу маселелерине баш көз болушу керек. Демек, бул кызматка ушул тармактын баарын жеткилең билген, стратегиялык көз караштагы, улуттук жана универсалдык нарк-дөөлөттү тең кармаган, бүтүн журтка баркы бар, сөзү өткөн ишмер туура тандалып келсе экен деген коомдук күтүү болуп жаткандай.