Мамлекетке чыккынчылык боюнча эки адам шектелип кармалды

Published

Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети чыккынчылык боюнча эки адам шектелип кармалганын билдирди. Жергиликтүү агенттиктер кармалгандардын бири политолог Марат Казакбаев экенин айтып жатышат. УКМК өзүнүн расмий билдирүүсүндө бул маалыматты ырастады.

Аталган эксперт геосаясат жана жергиликтүү маселелер боюнча байма-бай чыгып сүйлөп жүргөн эле. Соңку жолу анын Кыргызстандагы референдум жөнүндө орусиялык ЖМКларга интервью бергени белгилүү. Берген интервьюларында көбүнчө кыргыз бийлигинин саясатын колдоп сүйлөгөнү менен таанымал эле.

Анын Фейсбукта эки аккаунту катталган, бирок көптөн бери жаңы материал коюлбаптыр.

Мараттын кесиптештери бул жаңылыкка таң калып жатышат.

"Ал мамлекеттик кызматта иштебесе, мамлекеттик сырларды кайдан билмек эле. Таң калып атам",-деди саясат талдоочу Алмаз Тажибай.

"Мунун эки варианты бар да. Же контрразведчиктер так маалымат тапты, далили бар, же бүдөмүк. Эгер далили бар болсо, анда Маратты башка кишилер алдап койгон болушу мүмкүн. Ал өзү кой оозунан чөп албаган жоош да. Ал дайыма мамлекеттик саясатты, ким президент болбосун, колдоп келген эмеспи",-деди "Пикир" эксперттер клубунун тең төрагасы Бакыт Бакетаев.

Айтмакчы, Марат Казакпаев эксперттердин бул клубуна мүчө болуп кирген эмес экен.

"Ал дайыма Россияны жана бийликти жактап келбеди беле",-деп жазды Бермет Букашева "Фейсбукка".

УКМКнын билдирүүсүндө кылмыш ишинин материалдары жашыруун экенине байланыштуу анын чоо-жайы жөнүндө тергөө бүткөндөн кийин маалымат берилери айтылат.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча кылмыштын бул түрүнө он жыл түрмө каралган.

"Мамлекетке чыккынчылык" беренеси боюнча Кыргызстанда буга чейин бир топ адамга кылмыш иши козголуп, соттолуп кеткендери болгон. 2007-жылы Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын кызматкери Жыпар Арыкова кармалган.

2014-жылы Кыргыз өкмөтүнүн эл аралык бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев кармалып, адегенде 12-жылга соттолгон, шаардык сот анын мөөнөтүн 22 жыл кылып чечкен. Кийин Жогорку Сот бул мөөнөттү он жылга кыскарткан. Алтынбек Муралиев мамлекеттик жашыруун маалыматтар бар 400 дөн ашык документти чет өлкөлүк чалгын кызматтарына берип, акча алып жүргөнүн "Дело №" гезити иликтеп жазып чыккан.

Алтынбектин атасы, мурунку премьер-министр Амангелди Муралиев өз кезегинде баласы бийликтеги тирешкен тараптардын саясий оюндарынын жеми болуп калганын билдирген.

2016-жылы энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков кармалып, 20 жыл түрмөгө кесилип, мүлкү конфискация болгон. 2019-жылы анын мөөнөтүнөн эрте бошоп чыкканы кабарланган эле. Ал убагында энергетика тармагындагы коррупция жөнүндө көп айтып жүргөндүктөн, аны саясий туткун деп жарыялашкан эле. Ушул жылдын 3-февралында Карыбековдун ишин Жогорку Сот карап, мурунку сот өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайрадан биринчи инстанцияга жибергени белгилүү. (КС)