Бишкектеги "Аялдардын тилектештик маршы". Сүрөт

Published

Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте "Аялдардын тилектештик маршы" өттү. Жүрүшкө чыккандар аялдар укугуна байланышкан чакырыктарды кармап чыгышты.

Иш чараны "8/365" аталышындагы кыймыл жана бир катар активисттер уюштурганы айтылды. Кабарчыбыз Руфат Эргешов тарткан сүрөттөр.

Аялдардын эл аралык күнүндө көп өлкөлөрдө аялдарды басмырлоого каршы тилектештик акциялары өтүп келүүдө.

Өткөн жылы коронавируска карабастан көп өлкөлөрдө каршылык жүрүштөрү өткөн эле.

2020-жылы Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте тилектештик маршына чыккан аялдарга беткап кийген белгисиз кишилер тоскоол жаратып, ондогон аялды милиция кармап кеткен.