You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
8-март тууралуу беш факты
8-март бул жылы 110-ирет Эл аралык аялдар күнү катары белгиленет.
Кыргызстанда бул күндү аялдардын майрамы катары массалык түрдө белгилеп жүрүшөт. Постсоветтик мейкиндиктен сырткары аймактарда анчалык деле популярдуу эмес. Албетте, бул тууралуу көптөрдүн кабары бар, БУУ дагы бул датаны тааныган. Ошентсе деле мурдагы советтик өлкөлөрдөгүдөй эч бир жерде шаан-шөкөттүү өтпөйт.
1. Бул күн кантип майрамдалып калды?
1-май сыяктуу эле 8-март майрамы дагы жумушчулар кыймылынан жаралып, анын америкалык тамыры бар.
1908-жылы Нью-Йоркто 15 миңдей кыз-келиндер жумушчу күнүн кыскартуу, айлыкты көбөйтүү, добуш берүү укугуна ээ болуу сыяктуу талаптар менен демонстрацияга чыккан. АКШдагы аялдардын көпчүлүгү добуш берүү укугуна 1920-жылы конституцияга кирген өзгөртүүлөрдөн кийин жеткен.
1909-жылы Американын социалисттик партиясы февралдын акыркы аптасын Эмгекчил аялдардын күнү катары белгилөө сунушун жолдогон.
Ошентип 1910-жылы августта көпчүлүккө белгилүү греманиялык социал-демократ Клара Цеткин Копенгагендеги конференцияда Аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөштүн эл аралык күнүн белгилөөнү сунуштайт. Аны жыйынга катышкан 17 өлкөнүн жүзгө чукул өкүлү колдоп, бир добуштан кабыл алынат. 1911-жылы биринчи жолу Германия, Австро-Венгрия, Дания жана Швейцарияда белгиленди.
2. Эмне үчүн 8-март?
Нью-Йорктогу демонстрация 28-февралда өткөн. Клара Цеткин эч кандай так датаны атаган эмес. Германияда биринчи жолу Аялдар күнүн 19-мартта белгилешкен.
Андан кийин ар кайсыл өлкөдө ар башка дата менен белгиленет.
1975-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 8-мартты аялдардын жетишкендигин майрамдоо жана теңсиздикке каршы күрөшүү күнү катары жарыялаган.
3. Эл аралык эркектер күнү барбы?
Ооба, бул күн 19-ноябрда 80ден ашуун өлкөдө белгиленет. Бирок БУУ муну атайын дата катары кабыл алган эмес.
Бул күндү белгилөөдөгү негизги басымды эркек саламаттыгына жана анын үй-бүлөдөгү ролуна жасашкан.
Кыргызстанда болсо 23-февралды мырзаларды майрамы катары кеңири белгилешет.
4. Кайсыл өлкө кандай майрамдайт?
Кыргызстанда 8-мартта аялдарга ар кандай белектерди берип, майрамдык маанай тартуулоого аракет кылышат.
Кытайда болсо ушул күнү кыз-келиндер жумушчу күнүнүн жарымын гана иштейт. Бирок бул КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин сунушу мыйзам менен бекитилбегендиктен айрым жумуш берүүчүлөр муну кармана беришпейт.
Италияда аялдарга 8-мартта мимоза тартуулашат. Мындай салт Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Римде кеңири жайылган. Анын келип чыккан булагы белгисиз.
АКШда март айы аялдарга арналган. Жыл сайын президент билдирүү менен чыгып, америка коомундагы аялдардын ролу тууралуу сөз кылат.
5. Майрамбы же каршылык жүрүшүбү?
Аялдардын эл аралык күнүндө көп өлкөлөрдө аялдарды басмырлоого каршы тилектештик акциялары өтүп келүүдө.
Өткөн жылы коронавируска карабастан көп өлкөлөрдө каршылык жүрүштөрү өткөн эле.
2020-жылы Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте тилектештик маршына чыккан аялдарга беткап кийген белгисиз кишилер тоскоол жаратып, ондогон аялдарды милиция кармап кеткен.
Индонезиянын баш калаасы Жакартада аялдарды эркектерден кем караган дискриминациялык мыйзамдарды жоюуну талап кылышкан.
Пакистандын көп шаарларында фундаменталисттердин коркутуп-үркүтүүлөрүнө карабастан аялдардын тилектештик жүрүштөрү өткөргөн.