Өзгөргөн сот чечимдери: саясий куугунтук болгонбу?

Самаков, Түлеев, Салянова
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Жогорку Сот Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев боюнча буга чейинки сот чечимдеринин баарын жокко чыгарды. Анын иши райондук сотто кайра башынан каралмай болду. Мурунку бийлик тушунда коррупцияга айыпталган айрым саясатчылардын иши кыскарып же кайра кароого жиберилүүдө.

Түлеев 2013-жылы Кытайдан автобустарды сатып алууда коррупцияга барган деп он бир жылга соттолуп, 61 миллион сом зыянды төлөп, 2016-жылы мунапыс менен бошотулган.

"Кудай буюрса, дагы бир жолу күнөөсүз экенибизди далилдейбиз",- деп жазды ал өзү Facebook баракчасына.

Чүйдөгү гектарлаган жерлерди мыйзамсыз трансформациялады деген айып менен он жылга кесилген экс-депутат Карганбек Самаковдун иши да райондук сотто кайра каралмай болду.

"Кезинде Жогорку Кеңештин фискалдык-экономикалык комитетти жетектедим. Анын эң башкы иши мамлекеттик сатып алуулар. Эң чоң коррупция ошол жерде. "Кемин-Датка", "Датка" подстанциясы, автожолдор жана ТЭЦ боюнча баш-аягы 1 миллиард 700 миллион доллар кредит алышты. Мен комитет төрагасы ошол кредиттерге кол коюшум керек болчу. Кол койбодум, кабинет жыйынын өткөргөн жокмун, таптакыр эчтекесине катышпадым. Ошол үчүн өткөөл бийлик башчылары мага жасалма ишти токуп, запкыларды көрсөттү",-дейт мурунку депутат.

Бишкектеги Евробиримдиктин өкүлчүлүгү алдында акция. 2017
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги Евробиримдиктин өкүлчүлүгү алдында акция, 2017-жыл

Былтыр октябрдагы тополоң окуялардан кийин "Саясий туткундарды коргоо комитети" жаңы бийликке кайрылып, Атамбаевдин тушунда саясий куугунтукка алынган саясатчылардын ишин кайра кароо, актоо өтүнүчүн келтирген. Анда Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Мелис Аспеков, Мелис Мырзакматов жана башка адамдар шашылыш акталып, башка ондогон адамдардын иштери каралбай, акталбай жаткандыгы өкүндүрөт деп жазылган.

Садыр Жапаров калган саясатчылардын иштери да калыс караларына сөз берип, мындан ары саясий куугунтук болбой турганын убада кылып келет.

27-январда мурунку башкы прокурор, убагында Садыр Жапаровдун ишин тергеген Аида Салянованын ушундай эле мазмунда арызын Жогорку Сот канаттандырган жок. 2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону чечим кылган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт. Салянова Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айыпталган.

Аида Салянова

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аида Салянова

"Атамбаевдин убагында Салянова саясий куугунтукта болгон. Бул факт. Эмне үчүн кээ бир саясатчылардын ишин жарым саатта карап, чечимин чыгарып берип жаткан Жогорку Сот Салянованын ишин кайра карагандан баш тартып отурат? Бул бүгүнкү сот системасы оңоло электигин, дагы деле жогорку жакка жагабыз деп саясий мотив менен иш алып барып аткандыгын, кош стандарт менен иш алып барып жатканынын далили. Мындай кош стандарттуулук жакшылыкка алып келбейт, аны жакынкы тарыхыбыз көрсөттү",-дейт "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Жогорку Сот президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованын ишин дагы кайра кароого жөнөтүп, ага коюлган айыптарды Финпол эми кайрадан карап чыгат. Максим Бакиевдин көмөгү менен "Ысык-Көл инвест банкын" тартып алган деген айып менен Райкүл Жапарова сыртынан он жылга кесилген. Садыр Жапаров эжесинин банктагы мыйзамсыз иштерге тиешеси жок экенин, ал дагы саясий буйрутманын курмандыгы экенин айтканы бар.

"Бир эле Райкүл Жапарованын иши эмес, канчалаган, ал тугүл Бишкек ТЭЦ боюнча соттолгондордун иши бузулуп, кайра биринчи инстанцияга түшүп атат. Тергөөсү туура эмес жүргөн, арасында туура эмес эле соттолуп кеткендери бар. Саясий буйрутма менен кетип калгандар көп экен. Сотторго баа берет элем, ошол иштерди бузуп кайра тергөөго жөнөтүп атканына. Андай ондогон иштер болуп атат. Мен муну жакшы жышаан деп билем. Себеби, эми калыс тергелип, күнөөсү болсо жооп берип, жок болсо акталышы керек",- деди бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев.

"Саясий туткундарды коргоо комитети" мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда отуз чакты саясатчы саясий буйрутма менен камалганын белгилейт. Алардын катарында Дастан Сарыгулов, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Бекболот Талгарбеков жана башкалар бар.