Саясий туткундар кечээ жана бүгүн

- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
"Бийликти күч менен кулатуу" айыбы менен деп соттолгон Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылары белгилүү болду. Буга чейин Жогорку сот "Элдик парламент" саясий бирикмесинин лидери Бекболот Талгарбековго карата айыпты жумшарткан.
Ал арада бүгүн Бишкекте укук коргоочулар жыйын куруп, саясий туткундарды актоо талабын коюшту.
"Ак ийилет, бирок сынбайт"
Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Соттун соңку өкүмдөрүн жаңы бийлик тушунда акыйкат чечимдер чыгып жатканын бир далили деп сыпаттады:
"Ак ийилет, бирок сынбайт, демекчи. Жогорку сот Талгарбековдон оор беренени алып салды. Талгарбековдон "бийликти күч менен кулатуу" айыбы алынгандан кийин ал "Элдик парламенттин" калган беш мүчөсүнөн да алынат. Талгарбеков толук акталбаганы менен, бул оор берененин алынып салынышы жаңы бийликтин учурунда акыйкаттык орноп жатканын бир далили болуп саналат".
Соттук жогорку инстанция Бекболот Талгарбековдун ишин 6-февралда көзөмөл иретинде карап чыгып, аны бийликти күч менен кулатуу беренеси боюнча күнөөлүү эмес деп тапкан.
Эми 2017-жылы сегиз жылга соттолгон саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов Жогорку Соттун чечими менен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып жатышы абактагы калган саясатчыларга үмүт жандырууда.
"Президент маселени чечиши керек"
"Саясий куугунтукка кабылгандарды коргоо комитети" бүгүнкү күнү Кыргызстанда 30дан ашык саясий туткунду эсептеп келатат. Алардын басымдуу бөлүгү мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда, президенттик шайлоону утурлай камалган.
Эми бийлик алмашканы алардын ишин кайра кароо зарылдыгы белгиленип, саясий туткундарга президент тарабынан ырайым эмес, актоо чечими керектиги айтылып жатат.
Декабрда бийлик абактагы "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаевге мунапыс берет деп күтүлүп, бирок андай болбоду. Аны төлгө кылып отурушкан камактагы калган саясатчылардын мындан кийин шаабайы суугандай болду.

"Бүгүнкү бийлик саясий куугунтук менен абакта жаткандардын тагдырын ойлобой эле, ал адамдарды кийин кандайынан колдонсо болот деген суроо менен алек болуп атат. Ушул суроо чечилбей жаткандыктан, саясий негизде козголгон кылмыш иштери ушундай ары эмес же бери эмес абалга кептелип жатат. Президент маселени чечиши керек",- дейт "Саясий куугунтукка кабылгандарды коргоо комитетинин" төрагасы Сапар Аргынбаев.
Ал жетектеген комитет 2016-жылы сентябрда негизделип, ондогон абактагы саясатчылардын таламын талашып келет.
Алардын катарында Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Дүйшөнкул Чотонов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Максат Кунакунов, Абдылда Капаров жана башкалар бар.
Буйрутма соттор жоопкерчилиги
Эгемен Кыргызстан тарыхында саясий туткун аталган саясатчылар катары экс-президент Аскар Акаевдин тушунда Топчубек Тургуналиев, Замира Сыдыкова, Феликс Кулов, ал эми Бакиевдин убагында Исмаил Исаков өңдүү саясатчылардын аты аталып келди.
Бүгүнкү жыйында саясий куугунтук менен камалгандарды актоонун мурдакы тажрыйбасын пайдалануу сунушталды.
"Баш прокуратурага талаптарды коюш керек. Биз көтөрүп аткан маселе прокуратуранын эрки. 2005-жылы Азимбек Бекназаровдун тушунда Феликс Куловдун иши кайра каралып акталган. 2010-жылы дагы мына Сапар Аргынбаев, Эркин Булекбаевдердин иши кайра каралып акталган. Маселе ушунда болуп атпайбы. Эмне үчүн азыр ошондой иштер кайра каралып, саясатчылар акталбай атат?",- деди саясатчы Айбек Бусурманкулов.

Сүрөттүн булагы, Social media
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып берген басма сөз жыйынында Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров тууралуу суроолорго жооп берген.
Президент мурунку бийлик тушунда сот чечимдерин чыгып калгандыгына байланыштуу аталган саясатчылардын ишин кароо мүмкүнчүлүгү жок экенин айткан эле.
Саясий туткундарды коргоо комитети бүгүн президентке, Коопсуздук Кеңешине кайрылып, жок дегенде кезинде саясатчыларга жасалма иш топтоп, кылмыш ишин ачканы үчүн айрым УКМК, ИИМ, сот өкүлдөрүн жоопко тартууну талап кылды.
































