Өкмөт Бишкек мэри боюнча чечимин өзгөрттү

Сүрөттүн булагы, Social media
Өкмөт Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев боюнча чечимин өзгөрттү. Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Бактыбек Кудайбергенов мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
"Премьер-министр Улукбек Мариповдун башка чечими менен Нургазиев Эрмек Белековичти Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечими жокко чыгарылды",-деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Кечээ президент Жапаров өкмөт дайындаган жаңы мэр боюнча пикирин билдирип, "ээнбаштык, мүлк талаш иштери бар кишини шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес" деп билдирген эле.
Эрмек Нургазиевдин дарегине коомдук тармактарда катуу сындар айтылып жаткан. Айрым эксперттер анын кайра алынышына коомчулуктун пикири таасир эткенин айтып жатышат.
Саясат таануучу Алмаз Тажыбай мэрди, дегеле жергиликтүү бийликтин башчыларын эл шайлаш керек деп эсептейт. Өзү шайлабаганы үчүн эл арасында көп суроо, маселе жаралат дейт.
"Садыр Жапаров бир жагынан кой, элдин кыжырын келтирбейли деп кайра алып койду болуш керек. Негизи меритократия болуш керек. Бирок анын принциптери, мыйзамы жок болуп жатат, ал сөз жүзүндө эле болуп жатат. Тандоо болуш керек. Тажрыйбасы, билими жактан эң мыктылар келиш керек. Бирок биз билгендей, бийликтеги кайсы бир топтор, элиталар өз адамдарын маанилүү орундарга коюшат. Баягы эле колунда барлар бийликте болуп калып жатат. Жөнөкөй, өзүнүн ички дүйнөсү, деңгээли туура келген адамдар ушул убакка чейин бийликке келе албай жатат", - деди Алмаз Тажыбай.
Нургазиев өкмөт башчынын буйругу менен 8-февралда дайындалган эле. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрин шайлоо мыйзамына ылайык кызматтан да премьер-министр бошотот.

Сүрөттүн булагы, Social media
Бишкек менен Оштун мэрин шайлоо дайыма нааразылыктар, чуу менен коштолот. Мэрди эл түз шайлаш керек деген маселе бул жолу да көтөрүлүп жатат. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов шаар башчысын эл шайлаганы туура эмес болот деп эсептейт.
"Мурда тажрыйбада андай болгон. Логикалык жактан туура эмес болуп калат. Эл өзүнүн өкүлдөрүн да шайлап, дагы бир өкүлдү аткаруучу бийлик катары шайласа, ким кимди көзөмөлдөөрү түшүнүксүз болуп калат, биринчиден. Экинчиден, көп улут бар экенин эске алсак, мурда ушул маселе боюнча болуп өткөн окуяларга кайра жол берилип калышы мүмкүн. Мисалы, кайсы бир улуттун өкүлү келиши мүмкүн. Ошондуктан эл өзүнүн өкүлдөрүн шайлаш керек. Алар аткаруучу бийликтин өкүлүн шайлаш керек", - деди Рысбаев.
Балбак Түлөбаев Бишкектин башына милдетин аткаруучу болуп октябрь окуяларынан кийин келген. Өзү билдиргендей, бул жерде баш аягы үч жыл иштептир. Арасында Ысык-Көлгө өкмөттүн өкүлү болуп барганга чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеген.
"Айрым нерселерди туура эмес кылсам кечирим сурайм, бирок колдон келишине жасаганга аракет кылдым. Мен баарын ирээтке салып, акчасын даярдап коюп кетип жатам, кийинки мэрге жеңил болот. Ысык-Көлдө да ошенткемин. Эмне үчүн аз убакыт калганына карабай кетип жатам. Анткени жаңылар келсин, таза адамдар иштесин", - деди Түлөбаев.

Сүрөттүн булагы, Social media
Кызматта бир күн турган Эрмек Нургазиев өткөн парламенттик шайлоого "Кыргызстан" партиясынан талапкер болчу. Анын интернетте көп кишинин арасында аялды жаакка чапкан видеосу тарады. Буга чейин курулуш компаниясын иштетип келгени маалым. Анын компаниясынын мыйзамсыз курулуштарга байланышы бар экени буга чейин ЖМКда чыгып келген.
Жаңы дайындалган Бактыбек Кудайбергенов өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Ал дагы "Кыргызстан" партиясынан акыркы парламенттик шайлоого катышкан.
Бишкек шаарынын мэри шаардык кеңеш тарабынан ал кеңештин мөөнөтүнө барабар убакытка шайланат. Бишкек жана Ош шаарынын кеңештерин шайлоо 11-апрелге коюлду. Мыйзамга ылайык, шаардык кеңештин мөөнөтү бүтөөрүнө жарым жыл калганда алар мэрди шайлай албайт. Ошондуктан акыркы айларда мэрдин милдетин аткаруучулар иштеп келе жатат. Мурдагы мэр Азиз Суракматов Албек Ибраимовго шаардык кеңеш ишенбөөчүлүк көрсөткөндө 2018-жылы августта шайланган. 2020-жылы октябрь окуяларынан кийн Суракматов кетти. Ошол башаламан күндөрү бир нече киши бул кызматка отуруп, кайра алынды.

































