"Ээнбаштык, мүлк талаш иштери бар": Бишкектин жаңы мэрине президенттин сыны

Жапаров менен Нургазиев
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Премьер-министрдин буйругу менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев боюнча президенттин пикири кызуу талкуу жаратты.

"Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес",-деп жазды президент Садыр Жапаров Instagram баракчасына.

Нургазиев жергиликтүү басылмаларга "Жапаровдун баракчасы фейк" болушу мүмкүн экенин айткан. Азырынча президенттин басма сөз кызматы муну ырастап же четке кага элек.

Instagram баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Instagram мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

Instagram посттун аягы

Кечээ кечинде Балбак Түлөбаев өз арызынын негизинде Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан баш тартканы белгилүү болгон. Бүгүн эрте менен эле жаңы мэр дайындалып, ал курулуш компанияларынын биринде башкы директорлук кызматты аркалап келген Эрмек Нургазиев экени айтылды.

Мурунку жана жаңы дайындалган мэрдин милдетин аткаруучулар журналисттер үчүн басма сөз жыйындарын өткөрдү. Интернет желесинде Нургазиевдин "нааразылык билдирип чыккан аялга кол көтөргөнү" тартылган тасма тарап, коомчулуктун катуу сын-пикирин жартты. Журналисттер жаңы мэрден бул окуя тууралуу сурашканда: "күтүүсүз окуя болуп кеткенин" айтты.

"Бишкекте элге кредит берген өзүнчө топ бар, эгер төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, үйүн алып коюп, сотко берип, ушул сыяктуу алдамчылык менен алектенишет. Бул фирма чоң бизнеске айланып, курулуш компаниясына кредит берип, аларды банкрот кылган. Жанагы аял боюнча айтсам, ушул фирманын юристи. Менин дагы объектим бар эле, ошол жерди дагы камакка алып коюшкан. Биздин үлүшчүлөрдүн жыйыны өтүп жаткан жерге үч-төрт киши менен ошол аял келип, сүйлөшүп жаткан учурда менин бетиме чаап ийген. Кандайдыр бир реакция болуп кетип, мен дагы аны чаап жибергем. Бир жарым жыл мурун болгон окуя",-деген ал.

Өткөн жылдагы октябрь окуяларынан кийин Бишкек шаарынын мэринин милдетин Нариман Түлеев аткарып баштап, коомдогу нааразылыктардан арты менен эки күндөн кийин кызматтан баш тартканы бар. Андан кийин бул кызматты Балбак Түлөбаев аткарып баштаган эле.