Миллион доллардын сурагы: Сооронбай Жээнбеков сотко чакырылды

Published

Экс-президентти камактагы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча шаардык сотко чакырышты. Сооронбай Жээнбеков банктын ячейкасында табылган миллион доллардын тек жайы жөнүндө көрсөтмө бериши керек.

Камактагы саясатчынын адвокатынын айтымында, Зилалиев тергөө убагында банктан алынган акчалар Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган деп көрсөтмө берген. Бирок Жээнбеков президент болуп турганда аны суракка чакыра алышкан эмес.

«Миллион долларды Дүйшөнбек Зилалиевдики деп бергенге моралдык да укугуңар жок деп атабыз. Чындыгында бул шайлоого каралган акча болчу. Президенттикке талапкер болуп турганда алып атса. Бул сөздү тетиги премьер-министр болуп турган учурда сүйлөшүшөт экен. Ошондо жардам деп сурайт. Анан бул элден акча чогултуп, ошол бир миллион долларды Сооронбай Жээнбековдун өзүнө берет. УКМКда сурак жүрүп атканда эле айтылган бул. Зилалиев бул акчаны төкпөй-чачпай Сооронбай Жээнбековдун өзүнө бергем деп айткан. Аны ошол сүйлөшүүгө күбө болгон Сапар Исаков тастыктап бере алат деп. Анткени Сапар Исаков жанында болгон экен бул сөз болуп атканда. Бирок ал кезде сот Жээнбековду чакырганга макул болгон эмес",-деди Би-Би-Сиге адвокат Таалайгүл Токтакунова.

"Саясий боек"

Бул маалымат жарыялангандан кийин Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Жыргал Бабаевден өзүнчө билдирүү келип түштү. Анда ал Зилалиевдин банктагы ячейкасы Жээнбеков премьер-министр кезинде эле ачылганын жана Зилалиев бул ишке саясий боек бергенге аракет кылууда деп белгилейт.

"Банкта ячейка ачылганда, кызмат көрсөткөндүгү үчүн клиент банкка акы төлөп турат. Сот жүрүшүндө банктын кызматкери көрсөтмө берген. Бул ячейка үчүн үч ай төлөнгөн эмес жана Зилалиев Д. банкка үч айдын ичинде келген эмес. Банк мындай учурда аны ачпай кое албайт. Зилалиев сейфтик ячейкаларды ачып, бул банктын кызматын 2011-жылдан бери пайдаланып келген. Ячейканы 2016-жылы июлда бир жылга ачкан. 2017-жылы июлда ячейканын мөөнөтү аяктап, аны улантуу же жабуу керек болгон. Эгер клиент өзүнүн ячейкадагы буюмуна келбесе, банк ячейканы жабат. Банк комиссия түзүп, ячейканы ачкан, ал видеого тартылган. 2 жумадан кийин Зилалиев ячейкадагы акчаны алып кеткен. Көрүнүп тургандай, ячейка Жээнбеков премьер кезинде эле түзүлгөн. Июнь айында банк ячейканы вскрытие кылган, Зилалиев эң эле кеч дегенде 2017-жылдын март айында банкка барган да. Анда Жээнбеков президентикке талапкер боло элек болчу. Анан кантип бул ячейка президенттик кампанияга арналган болуп калат?

Зилалиев сотто көрсөтүлгөндөй көптөгөн кымбат баалуу офис имараттарды сатып алган, кымбат баалуу особняк салып жаткан. Кайдан акча деген суроо орундуу. Ушунча жыл өткөндөн кийин, жаңы бийлик түзүлүп, Жээнбеков экс-президент статусун алган учурда Зилалиев бул ишке саясий боек бергенге аракет кылууда. Бул жалаа. Зилалиевдин өзүнө карата кылмыш ишине саясий боек берүүгө болгон далалаты. Экинчиден, Сооронбай Жээнбековдун бул ишке карата эч бир тиешеси жок, фигурант да эмес, күбө да эмес. Ошондуктан, сотко барууга да милдеттүү эмес. Экс-президент деген статусун айтпаганда да сотко барууга эч бир жүйө жок. Ошондуктан биз расмий билдиребиз - Зилалиевдин банктан алынган акчалар Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган дегени - курулай жалаа, ишке саясий боек берүүгө жасаган далалаты",-деп айтылат Жээнбековдун адвокатынын билдирүүсүндө.

Каршы жүйөлөр

Зилалиевди 2018-жылы декабрда «мыйзамсыз баюу» кылмышына шектүү катары кармашкан. Мурдакы мамлекеттик кызматчынын банктагы ячейкасынан алынган, декларацияда көрсөтүлбөгөн бир миллион доллардын болгону жөнүндө маалымат тараган.

Бишкектин Биринчи май соту аны күнөөлүү деп таап, тогуз жыл түрмөгө кесип, үч жылга чейин мамлекеттик кызматка барууга тыюу салган. Азыр иш шаардык сотто каралууда.

Тергөөнүн жыйынтыгында Зилалиев жаратылыш ресурстары боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп турганда лицензияларды сатып байыган деген корутундуга токтолушкан. Бирок бул тармакты жакшы билген адистердин бир даары буга ишенбей келатышат. Каршы жүйө катары лицензиялар тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын өкүлдөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кошо кирген атайын комиссия тарабынан берилип келгендиктен, жалгыз анын өзүн күнөөлөш туура эмес дешет.

Зилалиевдин Мамгеологияны жетектеп турган учурдагы ишмердигине Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков жакшы баа берет:

«Мамгеология менен 2014-2017-жылдары активдүү иштештик. Ошондо Дүйшөн жогорку кесипкөйлүктү көрсөттү, көп тармакта ишти көтөрө алды. Ал киши чоң кендерге барып, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жасап, тез арада ошол тармакты көтөргөнгө чоң салым кошту. Ошондо Жерүйгө инвестор келген, эл аралык арбитраж маселеси чечилген. Инвесторлор келип, бюджетке көп акча түштү, жалпысынан орто эсеп менен сегиз миллиард сомдун тегерегинде бюджетке киреше түшкөн. Инвесторлор өзүңөр чечкиле дебестен, жергиликтүү эл менен карым-катышты чыңдоодо чоң салым кошту".

Тергөөнүн кандай жүргөнү, сот кандай далилдерге таянганы коомчулукка көп жагынан белгисиз. Зилалиевдин мурдакы бийлик менен мамилеси эмнеден улам бузулганы андан беш бетер караңгыга камалган. Анын Атамбаевдин тушунда жакшы кызматтарда иштегенин, мурунку премьер-министр Исаковдун командасында биринчи вице-премьер болгонун эске алганда, аны бийликтеги эрегиштин жеми болдубу деген версияга ыктагандар да бар. Банктан алынган миллион доллардын тек жайы сотто анык болсо, ошондо гана бул көмүскө чырдын чындыгы элге ачылышы мүмкүн. (КС)