Эгемендүү Кыргызстандын биринчи ледилери

Айгүл Асанбаева

Сүрөттүн булагы, Screenshot

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров жакынкы күндөрү кызматка киришет. Анын жубайы, биринчи айым тууралуу эмне белгилүү?

Айгүл Асанбаева, 47 жашта. Түп районунун Сан-Таш айылында туулган. Караколдогу медициналык кесиптик окуу жайын аяктаган, педагогикалык жогорку билими бар.

Садыр Жапаров менен кантип таанышканын буга чейинки интервьюларында эскерет:

"1990-жылдары тааныштык. Анда мен 10-классты бүтүп, окууга тапшырайын деп жаткам. Садыр армиясын бүтүп, Фрунзедеги Дене тарбия институтунда окуусун улантам деп келген экен. Айылга келип балдары менен экскурсияга чыгат, биздин кыздар дагы экскурсияга чыгалы деп калдык. Чогуу чыгып келели деген сунуш болду. Ошол жактан Садыр менен тааныштык. Экөөбүз бири-бирибизди бир көргөндөн жактырдык. Ошондон баштап бири-бирибизден ажырабадык".

Небереси менен

Сүрөттүн булагы, Social media

Айгүл Асанбаева үй бүлөсү менен үч-төрт жылдай бозгунда жашап, кийин түрмөдөгү күйөөсүн колдоп, эрезеге жеткен уулунан айрылып, турмуштун кыйынчылыгын бир топ эле тарткан аялзаты катары белгилүү.

Эми ал эгемендүү Кыргызстандын бешинчи биринчи айымы болгону жатат.

Кыргызстанда биринчи айымдын орду саясатта, мамлекеттик башкарууда да орчундуу болуп калышы мүмкүндүгүн мурдакы өлкө башчыларынын жубайларынын мисалынан көрсө болот.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

"Президент кайдан болсо да, аялы Таластан болсун". Эгемен Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин тушунда таластыктарда ушул сөз ылакап болуп калган эле.

Акаевдин жубайы Майрам Акаева кезинде мамлекеттик кадр саясатына таасир этип, Искендер Айдаралиев, Тойчубек Касымов, Дастан Сарыгулов, Кеңеш Карачалов өңдүү дубандын тың чыкмаларын бийлик сересине тарткан дешет.

"Чындыгын айтыш керек, дипломатиялык протоколдор, маданияттуулук, билимдүүлүк жагынан Майрам Дүйшөновна ошол кездеги КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин жубайларынын ичинде эң эле жогорку деңгээлдеги биринчи леди болду. Ал киши кантсе да өтө жогорку окуу жайлардан билим алып келген, өзүнүн турмуштук тажрыйбасы, маданияты жеткиликтүү айым болгон. Экинчи жагынан, коомчулукта "отдел кадров" деп жанагы кадрдык маселени чечкен, саясатка кийлигишкен, тымызын башкарып турган деген дагы ой айтылып, коомдогу оош-кыйыштын барын ошого байланыштырган пикирлер бар",- дейт журналист Сүйүн Курманова.

Майрам Акаева жана Аскар Акаев

Сүрөттүн булагы, Social media

Майрам Акаева кезинде "Мээрим" фондун түптөп, билим берүү тармагында чоң долбоорлорду ишке ашырганы айтылып келет.

2005-жылы орун алган "Жоогазын ыңкылабынан" кийин өлкө башына Курманбек Бакиев келип, биринчи леди Татьяна Бакиева болду. Бирок ал маанилүү иш-чараларда жолдошун жандаганы болбосо, эл алдына көп чыкпады. Эл арасында "Бакиев расмий жубайы эмес, экинчи жубайы Назгүл Төлөмүшева менен жашай турганы" да айтылып, ал жылдары эки аял алууга уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору демилгеленип чыкканы эсте.

2010-жылы Аперль ыңкылабы болгондон бир жылдан кийин өлкө президенти болуп Алмазбек Атамбаев шайланды.

Биринчи айым катары Раиса Атамбаеванын 2012-жылы Азербайжан президентинин жубайы Мехрибон Алиева менен чогуу түшкөн сүрөтү талкуу жаратты. Коомдук сайттардагы талкууларда Кыргызстандын биринчи ледиси Мехрибон Алиеванын фонунда эң эле жупуну экени сындалган эле.

Биринчи ледилер

Сүрөттүн булагы, Official

Раиса Атамбаева медицина илимдеринин кандидаты, Медициналык академиянын профессору болуп иштеди.

2019-жылы президенттик аппараттын мурунку кызматкери Манас Арабаев кезинде Раиса Атамбаева сотторго басым жасап, рейдерлик иштерге аралашканын айыптап чыккан. Бирок Раиса Атамбаева бул каралоо экенин айтып, ага коюлган айыптарды четке кагып, анын үй-бүлөсүнө карата саясий куугунтук деп атаган.

Айгүл Токоева - соңку президент Сооронбай Жээнбековдун жубайы. Кыргызча жоолугун артка байлаган бул биринчи айымды анда-санда гана президенттин коштоосунда көрүп жаттык.

Сооронбай Жээнбеков жана Айгүл Токоева

Сүрөттүн булагы, Official

"Аялдын ордун ашканадан арыраак көргүсү келбегендер мынакей биринчи ледибиз жоолугун салынып, күйөөсүнун ишине кийлигишпей, үндөбөй, жулунбай, эч кандай коомдук иштерге кийлигишпей өзүнүн гана чарбасын жүргүзүп жатат дешти. Мына, ушул кишиден үлгү алыш керек деген пикир жаратканга аракет кылышты. Мындай тенденция биздин аялзатынын коомдук активдүүлүгүнө да таасир этиши мүмкүн эле. Себеби, бизде биринчи лидерди, биринчи ледини карап түздөнүшөт. Аялдар деген биздин жалпы калктын басымдуу бөлүгүн түзөт да, анан алар өз эле чарбасын, казан-аягына чыкпай кала турган болсо биздин экономика эч качан алдыга кетпейт".

Жаш активист Бурул Усманалиева Кыргызстандын буга чейинки президенттеринин жубайлары көбү патриархалдык тушүнүктөгү биринчи айымдар болду деген пикирде. Бул өзгөчө постсоветтик өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш дейт:

"Батышта, Америкада мисалы, биринчи айымдар президенттерге тең ата инсан. Ал тургай күйөөсүн ошол даражага жеткирген аялдар болот. Хилари Клинтонду алалы, күйөөсүн жандап жүргөндө эле ушундай харизматикалуу эле, кийин өзү да президенттикке койду, демек лидерлик сапаттары күчтүү. Мишель Обаманы алалы, ал дагы өз алдынча күчтүү инсан. Мен анын китептерин окуп, видеолорун көрүп, абдан таасирленем. Анан чындап ынандым, ал аял чындап кыйын экенине. Жилл Байденди алалы, улгайган президенттин жылдыздуу жубайы, күйөөсүнө өтө чоң колдоо берип жатат. Жөн эле колдоочу эмес, ал өзүнчө бир оюнчу болуп атат. Бизде кандай, бизде биринчи ледилер жөн эле көрсөтмө ролдо. Анткени потсоветтик өлкөлөрдө ошондой бай-манаптын аялы, ошол кишиге кошумча тиркеме катары көрүшөт. Бул өкүнүчтүү, себеби бул ролдогу адамдын таасир этүү ролу күчтүү. Себеби, алар башка аялдарга ролдук модель боло алат, мисалы, кантип сүйлөө, демилгелерди көтөрүү боюнча".

Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаеванын биринчи леди кызматы эми гана башталганы турат. Ал мурункулардан кантип айырмаланат, өз ишин биринчи эмнеден баштайт деген суроолор коомчулуктун бүйрүн кызытып турган убак. Буга чейин ал Бишкекте "Дем" аттуу медициналык стационарды ачуу аземине катышып, ыктыярчыларга ардак грамота тапшырып, эл алдына чыккан эле.