You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Профсоюздар федерациясындагы кош бийлик
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Соңку жылдары Кыргызстандагы Профсоюздар федерациясы чуулгандуу окуяларга туш болду. Төрагалык кызмат талашка түшүп, мекемеде кош бийлик орун алды.
Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү 25-декабрда Бишкекте эки жерде эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашкан. Кесиптик кошуундун 138 мүчөсү катышкан жыйында бир добуштан шайланды делген Сагынбек Бозгунбаевди дүйшөмбүдө белгисиз адамдар имараттан сүрүп чыгарышты.
"Жумушка келсем толтура аялдар, балдар чогулуп, чаң-тополоң чыгарышты. Эмгек акыларыбызды ала элекпиз, социалдык маселелерибиз чечилбей жатат дешти. Мен декабрда эле шайлангам, келсем жумуш ордума киргизбей коюшту",- дейт ал.
Федерацияны 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакунов былтыр февралда өзүнө карата нааразылыктын натыйжасында иштен кеткен. Асанакуновго "кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө жеке кызыкчылыктары бар" деген айыптар коюлган.
Бирок Асанакунов андай айыптоолорду четке кагып, анын кызмат ордуна кызыккандардын кутуму болуп жатканын айткан. 25-декабрда ал Профсоюздар федерациясынын айрым өкүлдөрүн чогултуп өзүнчө жыйын куруп, төрага болуп шайланган.
"Профсоюздар федерациясы экиге бөлүнүп, жумуштун баары токтоп турат. Санатордук-курорттук кызматкерлерибиз төрт-беш айдан бери айлык акы ала элек. Алар жыйырма күндөн бери биздин имаратка келип, көйгөйлөрүн айтып келишет. Курултайды чукул чакырып атышыбыздын себеби да ушул. Мыйзамдуу төрага болбогондон улам ушул акыбалга келдик",-деген эле Асанакунов.
Кыргызстандагы профсоюздар федерациясы 1990-жылдары түптөлгөн. Учурда анын курамына жыйырмага жакын тармактык жана аймактык профсоюздар кирет. Федерация жер-жерлерде бир нече эс алуу жайлары, курорт-пансионаттарды союздан мурастап калган.
Учурда анын аракеттеги алты: "Көгүлтүр Ысык-Көл", "Жети-Өгүз", "Жыргалаң", "Ысык-Ата", "Жалал-Абад", "Кыргызстан" санаторий-курорту, эки "Ала-Тоо", "Чолпон-ата" эс алуу үйлөрү бар. Ошондой эле балансында дагы эки пансионат бар: "Ош" жана "Арсланбап". Мындан тышкары турбазалары, мейманканалары жана жер тилкелери бар.
Федерациянын мурдагы төрага орун басары Канатбек Осмонов мекемеге тийиштүү мүлктү Федерациянын 29 адамдан турган кеңеши өзү чечерин буга чейин Би-Би-Сиге билдирген.
"Профсоюздун эң жогорку органы - Курултай. Ал беш жылда бир чогулат. Ал эми Курултайдын ичинде жогорку башкаруу органы - Профсоюздар федерациясынын кеңеши. Бул биздин уставда жазылган. Ошол кеңеш федерация мүлкүн кандай пайдаланса ал өз эрки, мыйзам ага жол берет".
Мыйзам боюнча Профсоюздар федерациясы бир да мамлекеттик органга баш ийбейт. Макамы боюнча ыктыярдуу коом болуп саналат. Андыктан анын ишмердигин жылына бир гана жолу Эсеп палатасы текшере алат. Мындан улам Профсоюздар ишин тескөөчүү жаңы мыйзам долбоору сунушталып, былтыр Жогорку Кеңеште эки окууда кабыл алынган. Ага ылайык, Федерацияга каржылык көзөмөл күчөтүлмөк. Демилгечилердин бири депутат Кожобек Рыспаев:
"Ошол мыйзам долбоорун чырылдап эки окууда өткөргөнбүз. Үчүнчү окууда токтоп калды, алып чыгарганга жетише элекпиз. Өткөзгөнгө даярмын. Бирок ал мыйзам деле бул талашка чекит койбойт. Буга өкмөт кийлигишиш керек эле, бирок ал "бириң өлүп, бириң кал" дегендей кошкөңүл болуп жатат".
Бирок жаңы мыйзам менен Профсоюздар федерациясына төрага болчу адамдын ыйгарым укуктары эбегейсиз өсмөк. Тармактык жана аймактык профсоюздар өз алдынча иш алып барал албай, федерацияга биригүүгө милдеттендирмек.
Бул себептүү былтыр эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюмун "Профсоюздар тууралуу" мыйзамына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартууга чакырган эле.
Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 800 миңдей жаран Профсоюздар федерациясына мүчө делет. Жылына мүчөлүк салымдан эле Профсоюздарга бир миллиард сомго жакын акча чогулары айтылып жатат.