You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Деңгээли төмөн дебаттар - нааразы кылган талаптар
Кыргызстанда коомдук каналда президентикке талапкерлер ортосунда болгон дебаттар шайлоодогу административдик ресурс, мыйзамдуулук жөнүндө талкуунун отун ого бетер козгоп койду. Бийликтин талапкери Садыр Жапаров дебаттарга экинчи жолу келбей койду, бирок бул аны атаандаштарынын курч сын пикирлеринен куткарган жок, эл арасындагы сынчыл маанайды ого бетер күчөткөндөй.
Коомдук каналда шаршембиде болгон талкууда буйүр кызыткан учурлар көп эле болду. Эң оболу алып баруучулар дебат убагында башка талапкерлер жөнүндө сөз айтууга коюлган чектөөлөр жөнүндө БШКнын кайрылуу каты жөнүндө айтканда, талапкерлердин реакциясы курч болду. Бийликтин талапкери башка атаандаштарын каалаганча сындап жатканда, анын өзүн сындагандардын оозун жабуу аракети коомдук каналда болуп жатканына башка талапкерлердин жаны кашайып, БШКнын катын токтоосуз көрсөтүүнү талап кылышты.
Ошол эле убакта коомдук каналдагы дебаттарга байкоо салган көрүүчүлөр да өздөрүнүн ой-пикирин социалдык тармакта бөлүшүп жатышат. Айрыкча, алып баруучулардын дарегине сын-дооматтар жаады. Аларды калыс позицияда болбоду, талапкерлерге тийишкен, бир жактуу атайын даярдалган суроолорду беришти дегендер көп. Аларды корутундуласак, коомдук канал бийликтин камчысын чаап, бир талапкерди калкалап жатат деген пикир түзүлүүдө. Бул жөнүндө дебат убагында талапкерлер өздөрү да бир нече жолу билдирүү жасашты.
"КТРКда админресурс колдонулуп жаткандыгы боюнча далил болду",-деп жазды Алымбек аттуу жаран. Ошол эле убакта дагы бирөө дебаттарда болгон сөздөрдү "катын ушак" деп атады.
Дебат убагында чектөөлөр жөнүндө жөнүндө БШКнын кандай инструктивдүү каты бар экени да түшүнүксүз болуп жатат. БШКнын басма сөз кызматы бул суроого конкреттүү жооп айта албады, жетекчилери да түшүндүрмө бере элек.
"Кытайдын агенти"
Саясий дебаттардын экинчи айлампасына беш талапкер катышты, алардын арасында эл жакшы тааныган саясатчылар Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов болду. Бирок негизги талапкер катары аталып жаткан Садыр Жапаров бул жолу да келген жок, ал дебатта акыйнек айтышкандан көрө эл менен жолугушууну артык көрөрүн билдирген эле.
Анткен менен дебат убагында негизги талапкерге каршы курч билдирүүлөр болбой койгон жок. Анын ичинен Канат Исаевдин кытайдын агенти болушу мүмкүн деген ЖК депутаты Адыл Жунус уулу менен Жапаровдун байланышын текшерүү керектиги жөнүндө билдирүүсү абдан маанилүү болду.
"Ал Кытайда туулуп өскөн, жогорку билим алган. Учурунда Кытайдын губернаторунун кызына үйлөнгөн. Бүгүнкү убакта анын күйөө баласы губернатор Кытайда. Кайын атасы учурунда коммунисттик партиянын чоң кызматкери болгон. Демек, бүгүнкү күнү Кыргызстанга келип, кыргыз жарандыгын алып, депутат болсо дагы, артында бизнесинин баарында кытай фирмалары турат, анын баарын документтер менен тастыктайм. Кытайдын кызыкчылыгын көздөгөн, Кытай менен кол үзбөгөн адамды азыркы негизги талапкерлердин бири Кара-Сууда эл астында "ал менин досум" деп жатат. Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери мага ачык эле айтып атышат, ал адам кытайдын атайын кызматтарына иштейт деп. Ошондой адам менен ынак болгон адам, өнөктөш болгон адам кантип мамлекетти башкарат?",-деди Канат Исаев.
"Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов бул билдирүүну абдан маанилүү деп атап, анткени өлкөдөгү кырдаалга түздөн түз таасир этет, ошондой эле башка өлкөлөр менен мамилеге зыяны тийиши мүмкүн деп жазды. Анын үстүнө шайлоо башталгандан бери эле айрым талапкерлердин саясий өнөктүккө жумшаган акчасынын булагы, тышкы күчтөрдүн атайын долбоору жөнундо толтура божомол-жоромолдор айтылып бүтпөй келатат.
10-январдагы президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо өлкө саясий жана экономикалык терең кризиске тушукккан кыйын шартта өтүп жатат. Бийлик алмашууга алып келген октябрдагы шайлоодо кеткен кемчиликтер, атап айтканда административдик ресурусту колдонуу, коркутуп-үркүтүү сыяктуу ээнбаштыктар бул жолу да кайталанууда.
Шайлоонун негизги максаты өлкөнү жок дегенде саясий кризистен алып чыгуу, соңку саясий процесстерди легитимдештирүү. Бирок шайлоодогу так талашкан талапкерлердин каарданган түрүнө жана чыңалган кырдаалга караганда, бул шайлоо саясий кырдаалдын турукташына алып келет деп күтүү кыйын деп жатышат. (КС)