Президенттик шайлоо: айрым талапкерлер биригүү тууралуу меморандум кабыл алды

Сүрөттүн булагы, SCREENSHOT
Президенттикке талапкер Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Каныбек Иманалиев президенттик шайлоо эки айлампага созулса, бириге турганын жарыялады. Алар басма сөз жыйынын өткөрүп, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Талапкерлер "кызматташуу төрт саясатчы менен чектелбей турганын" билдирди. Меморандумда октябрь окуяларынан кийин өлкөдө көптөгөн мыйзамсыз чечимдер кабыл алынганы, жогорку кызматтарга жетекчилер мыйзамсыз дайындалганы, Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтсө дагы иштеп жатышы мыйзамсыз экени айтылган.
"Кайталап добуш берүү шартында кол койгондордун арасынан бир талапкерди колдоо үчүн биригүү зарыл деп эсептейбиз. Мамлекеттүүлүктү, мыйзамдуулукту жана өлкөдөгү тартипти бир гана ушундай жол менен сактап калууга болот деп санайбыз", - деген президенттикке талапкер А.Мадумаров өлкөнүн биримдиги жана тынчтыгы үчүн башка талапкерлер да кошулат деген ниетин билдирди.
Клара Сооронкулова азыр жогорку бийлик бутактарын башкарып жаткандардын соттук иши мыйзамсыз, шашылыш жыйынтыкталганын айтты.
Каныбек Иманалиев октябрь окуяларынан кийин президенттикке талапкер Садыр Жапаров жана анын санаалаштары жогорку кызматтарга туура эмес отурганын белгиледи.
"Он жети талапкердин бирөөсү мыйзам бузду деп эч ким айта алган жок. Ал эми бир кандидат он мыйзам бузганын санап бердим. Баш мыйзамдын эки беренеси, Кызыкчылыктар кагылышы деген мыйзамдын төрт беренеси, Кылмыш кодексинин эки беренеси, он мыйзам бузуу болуп жатат, бирөө болсо да көз жумуп койсо болот. Анан ошол адам кантип мыйзамдуулуктун атасы боло алат? Ошол адам кантип 6,5 млн адамдын атынан БУУда сүйлөй алат", - деди Иманалиев.
Адахан Мадумаров баалардын кымбатташы Кыргызстандагы саясий абалга да байланыштуу экенин айтып, мамлекеттин сырткы дүйнө менен байланышындагы мандемдерге көңүл бурду.
Талапкерлер бир кишиге каршы эмес, мыйзамсыздыкка каршы туруп жатышканын бир ооздон белгилешти.
Эгер бул талапкерлер жеңип чыкса, 4-октябрдан тарта өлкөдө кабыл алынган чечимдердин баары жокко чыгарылаары, Баш мыйзам калыбына келтирилери айтылды.
Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо өтөт. Ага 18 талапкер ат салышууда. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров атаандаштары тарабынан айтылган дооматтарга жооп бере элек. Кечээ күнү өлкөнүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясында президенттикке талапкерлердин биринчи теледебаты өткөн. Жогорудагы меморандумга кол койгон талапкерлердин баары кечээги дебатта октябрдагы окуялардан кийинки убактылуу келген бийликти "мыйзам бузуулары" тууралуу айтып кескин сындашкан. Калган талапкерлер теледебатка бүгүн чыкмакчы.


































