С.Жапаров мамлекеттик башкаруу жолун референдумга сунуштады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Милдетин убактылуу токтоткон өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттик шайлоодо мамлекеттин башкаруу системасы менен парламентти шайлоо жолун добушка коюну сунуштады.
Ал 7-каналга курган маегинде эл "бузукулук кылып жаткан саясатчыларды" ээрчип кетпеш керек деп айткан. Анын айтымында, "президенттик башкаруу болсунбу же парламенттик башкаруубу, парламент партиялык система менен шайлансынбы же аралашпы" деген суроолорду элге коюп, президенттик шайлоо күнү эле референдум аркылуу чечилиши керек.
"Буга көп деле акча кетпейт. Эгер Борбордук шайлоо комиссиясы муну аткара алса, эки графадан турган суроо менен чыгыш керек", - дейт Жапаров.
Бир мандаттуу шайлоону жактап келген С.Жапаров коомчулуктагы сунуштарды эске алуу менен 90 депутаттын 55и мажоритардык, 35и бир мандаттуу жол аркылуу шайлоону сунуш кылды.
"Талкууланып жаткан маселелердин көбү туптуура эле, - дейт саясатчы Эмилбек Каптагаев. - Жашоо ордунда турбайт, Конституция өзгөрүш керек. Бирок аны өзгөртүү жолу мыйзамсыз болуп жатат. Мыйзамсыз түрдө алып чыгып, мыйзамсыз түрдө референдумга коёбуз дегени туура эмес. Ага өзгөртүү, толуктоолор кандай киргизилери Конституциянын өзүндө жазылып турат".
7-каналга курган маегинде Садыр Жапаров президент менен премьер-министрдин аппараты бир болот деген пикирде экенин билдирди. Өкмөт башчы президенттин орун басары катары иштейт. Конституциянын сунушталган жаңы долбоорунда дагы өкмөттүн милдеттерин президент өзүнө ала турганы белгиленген эле.
Президенттикке талапкерлердин бири, ЖКнын мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз бул боюнча кайрылуу жасады:
"Мына, бир-эки ай карайлы дедиңиз. Сиздин сөзүңүздө "бир-эки ай" деген көп чыгып жатат. Коомдо дагы деле референдумга Баш мыйзамдын долбоорун алып чыгып кетеби деген коркунуч бар. Жаңы Баш мыйзам жазылып жатса бери дегенде алты ай болуш керек да. Бир-эки айда мыйзам талкууланат. Шашкандыктын ары жагында бир саясий оюндар барбы деген күмөн жаратат. Андан кийин, парламенттик башкаруубу де президенттикпи дегенди референдумга алып чыгыш керек деген сөзүңүзгө мен толугу менен кошулам. Бирок анда эмнеге Конституциялык кеңешме жыйнап жатасыңар? Логика кайда? Биринчи эл парламенттик же президенттик болоорун чечиш керек. Анан кеңешме жыйналат".
С.Жапаровдун 7-каналдагы маегинин эртеси эле президенттикке талапкер катары катышуу ниетин билдирген бир катар саясатчылар маалымат жыйынын өткөрүп, талапкерлерге жалаа жабуу, айыптоо аракеттери байкалганын айтып чыкты.
"Ал кыска убакытка премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу болуп, анан кызматын таштап шайлоого барсам болот деп чечти. Бул биринчиден, Конституцияны бузуу, экинчиден, жоопкерчиликсиздик, үчүнчүдөн, бул административдик ресурсту колдонуу үчүн жасалды. Садыр Жапаров кыска мөөнөттө бардык аймактарды кыдырды. Анын сөздөрү шайлоо алдындагы мүнөзгө ээ болду. Үгүт иштери белгилүү учурда башталат, ага чейин мыйзам тыюу салат", - деди жыйында президенттикке талапкер, мурдагы судья Клара Сооронкулова.
ЖКнын депутаты Каныбек Иманалиев Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы көп өзгөртүүлөр, мисалы, курултай чогулуп, мамлекеттик органдардан отчёт алууну уюштуруунун өзү эле мүмкүн эместигин талдады. Ал азыркыдай уланса Кыргызстан Түркмөнстан эмес, экинчи Ооганстанга айланарын эскертти.
Президентикке башка талапкер, ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Жапаров сындаган Текебаев, Иманалиев, Садык Шер-Нияз менен пикири айырмаланаарын, бирок саясий оппоненттерге каршы бийлиги менен басым кылуу туура эмес деген оюн айтты:
"Түрмөнүн азабын Садыр менен кошо көргөн адам катары мен Садыр мырзага кайрылат элем... Мамлекеттин башчысы болом деген адам эч убакта сөздүн күчүн, бийликтин күчүн оппоненттерине каршы пайдаланбайт. Мамлекеттин башына келем деген адам чыдамкай, толеранттуу, айкөл болот. Ошондуктан Жапаровдун кечээги сөздөрү шайлоонун риторикасы болсо керек деп үмүт кылам".
Жапаровдун маегинде Садык Шер-Нияз, Ө.Текебаев, К.Иманалиев, Р.Отунбаевалардын ысымдары аталган.
"Текебаев, Садык Шер, Иманалиев анан Отунбаева айтып жаткан бүгүнкү Конституциянын долбоору 2010-жылдан бери талкууланып келаткан долбоор. Бул 2010-жылы Текебаевдин Конституциясына альтернатива катары киргизилген долбоор болчу. Аны мен жазган жокмун. Мен болгону эки гана сунуш киргиздим. Бул долбоорду "токсон алекеттен" өткөрүп талкуулашып, жылда курултай чогулуп карап келаткан", - деген эле Садыр Жапаров.
23-ноябрда райондук сот "октябрь окуяларынан кийин мандатын мыйзамсыз кайтарып алган" деп, Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча чечим чыгарды. Текебаев өзү соттун өкүмүн саясий чечим деп атап, ага чейин ушундай эскертүүлөр болгонун айтууда.
Баш мыйзамдын жаңы долбоору азыр коомдук талкууда. Ага 80ден ашыгыраак депутат кол коюп берген. Бирок 4-5 депутат колун кайра алып салган эле. Долбоорго ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, өкмөттү түзүп, жетектейт деп көрсөтүлгөн. Бардык мамлекеттик органдардан отчёт алган Курултай институту киргизүү сунушу бар. Анын авторлору бир катар илимпоздор, докторлор, академиктер деди Жапаров. Конституцияны өзгөртүүнүн артында октябрдагы толкундоолордун арты менен келген Садыр Жапаров турат деген талкуулар жүрүүдө. Жапаров маегинде ушул боюнча суроолорго жооп берди.




































