Ак Үйдү курчаган тосмо алына баштады

Published

Жума күнү эртең менен шаардык бийлик Жогорку Кеңеш менен президент отурган имаратты курчаган темир тосмону алууга киришти. Тосмону алуу жөнүндө Бишкектин мэрине андан мурда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов буйрук жиберген болчу.

"Бул символ. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Нургожоевич айтып келген тосмону алабыз. Элге жакын болобуз. Мындан ары президент бул жерде отурбайт. Бир гана Жогорку Кеңеш болот",-деди Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.

Тосмону алуу эртең мененки саат ондо башталды. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов келип, тосмону алууну баштоого өзү буйрук берди.

"Эки жолу толкундоо болду. бул тосмо бир да проблеманы чечкен жок",-деди ЖК төрагасы.

Шаар бийлиги тосмону бүт алып салууга бир апта убакыт кетет деп жатат.