Чек ара боюнча өкмөттүк комиссияны Камчыбек Ташиев башкарат

Published

Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кошулат, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн комиссияны эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жетектейт. Бул жөнүндө президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна иш сапар учурунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

"Биринчи эле келген күнү чек ара маселесине көңүл бурдум. Жакын арада Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Ташиев Камчыбек Өзбекстанга расмий сапар менен барып келди. Чек ара маселеси боюнча сөз болду. Кудай буюрса чек ара маселесин Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да тынчтыкта, ынтымакта сүйлөшүү жолу аркылуу чечебиз. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына чечилет сөзсүз түрдө. Мурда биринчи вице же вицелердин бирөө чек ара боюнча комиссиянын башчысы болчу. Мындан ары Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы комиссиянын башчысы болот. Сүйлөшүүлөрдү ушул адам жүргүзөт",-деди Садыр Жапаров.

Баткен борбордон эң алыстагы жана эки өлкө менен чектешип турган стратегиялык маанидеги аймак. Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара толук такталып бүтө элек, утур-утур чек арада жаңжал чыгып турат. Жер-суу, жайыт тартыштыгынан улам кошуна тажиктер жана өзбектер менен чыр-чатактар болуп келет.

СССР таркап, Борбор Азия өлкөлөрү өз алдынча болгон отуз жылга чукул убакыттан бери булардын ортосундагы чек аранын талаштуу тилкелери чечилбеген көйгөйгө айланды.

"Даярдыгы жетпеген комиссия"

Жергиликтүү эксперттер чек ара маселесинде өкмөттүк комиссиянын жетекчилеринин компетенциясы жетишпей келатканын, керек болсо бир жылда сегиз жолу жолугуп, бир да метр жер чече албаган учурлар болгонун белгилешет.

"Вице-премьерлер жетектеген комиссиялар ар кандай деңгээлде болуп келди, мамлекет аралык деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө ала турганы, жүргүзө албай тургандары болду. Ушундай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу адамдын компетенциясы, дипломатиялык чеберчилиги чоң ролду ойнойт. Мен жумушчу топтун өкүлдөрү менен сүйлөшүп калсам, көп учурда алардын даярдыгы, дарамети жетишпеген маалыматы аз адамдар барып, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өздөрүнүн позициясын алдырып коюп, сүйлөшүүлөр көп учурда ийгиликсиз бүтүп жатканын айтышат. Бир жылда сегиз жолу жолугуп, бир метр жер чечилбеген учурлар болду",-дейт эксперт Хаит Айкынов.

26-октябрда эле кыргыз-тажик чек арасында Үч-Дөбө деген жерде такталбаган чек ара аймагында тажиктер кыргыз чек арачыларын укпай, түтүк салып баштаганда алар асманга эскертип ок атышкан эле.

Август айында чек арадагы жаңжалда Кыргызстандан бир чек арачы, Тажикстан тараптан бир жайкын турган курман болгон.

Андан мурда май айынын этегинде Баткендин Кадамжай районунундагы Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Чашма айылынын тургундары ортосунда булак талаштан жаңжал чыккан. Кыргыз тараптан 25 жаран, Өзбекстандан 16 адам жаракат алган.

Транс чек аралык сууларды бөлүштүрүү, пайдалануу эрежелери союз учурундагы абалда калгандыктан, бул маселе барган сайын чыңалуу жарата берет дейт серепчилер. (KC)