А. Ашуров: Үкөктүн жанында турган атайын адамдар шайлоонун купуялуулугун бузду

    • Author, Айбек Абдылдаев
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
  • Published

Бириккен Улуттар Уюмунун эң абройлуу Нансен сыйлыгынын лауреаты, кыргызстандык укук коргоочу активист Азизбек Ашуров Би-Би-Сиге берген кыска маегинде парламенттик шайлоодогу өзү күбө болгон негизги мыйзам бузуулар тууралуу айтып берди. Ал парламенттик шайлоого байкоочу катары катышкан.

А.Ашуров: Добуш сатып алуу, "Форма-2" менен шайлоо дарегин которуу жана автобус менен ташып келүү сыяктуу мыйзам бузуулар катталды. Андан сырткары шайлоо тилкесинин ичинде көпчүлүк учурда УШК мүчөлөрүнүн функцияларынын чучукулак менен туура бөлүнбөгөнү болду. Үкөктүн жанында атайын партиялардын кызыкчылыгын коргогон адамдар шайлоонун купуялуулугун бузду. Бизде дагы көп фактылар бар, акт түздүк, сүрөткө тарттык. Бул фактор жарандардын ишенимин жоготкон себептердин бири.

Би-Би-Си: Кандай учурда бюллетень жараксыз болот? Мына, шайлоо алдында "бюллетенге жазганды өчүрүп салса болот экен", "өзүңөр алып баргыла" дегендей видеолор тарап кетти эле.

А.Ашуров: Эл арасында ушундай түшүнүксүз маалымат жүрдү. Ооба,сыясы өчүп кетет, башкага өзгөртөт деген. Ушундан улам кээ бирөө өздөрүнүн калемин көтөрө келди. Бул маалыматтын кеңири жетишпегенинен болуп калды. Анткени электрондук үкөк жалаң гана атайын УШКда коюлган калем менен гана белгиленген бюллетенди тааныйт. Эгерде жаран өзүнүн калеми менен белги койсо, автоматтык үкөктүн жараксыз деген чөнтөкчөсүнө түшүп калат. Туура эмес маалыматтан улам ушундай жараксыз болуп калды. Маселен, биз байкоо жүргүзгөн УШКда мындайларды карап, колго салып, жарактуу деп тааныдык. Андан сырткары кайсыл бир партияны шайлаган белгинин дагы квадраттан чыгып кеткендерин дагы колго салуу шарт.