Мирлан Жээнчороев: "Буюрса, күчтүү фракция болобуз"

Published

"Республика" партиясы бул шайлоодо кеминде 23-25 мандат алууга үмүт кылып жатат. Эгерде коалициялык көпчүлүккө кирип калса, анда премьер-министр кызматына Өмүрбек Бабановду көрсөтөрүн партия лидери Мирлан Жээнчороев Би-Би-Сиге билдирди.

М.Жээнчороев: Биринчиден бул шайлоо өзгөчө болуп жатат. Апаат мезгилинде өтүп жатат. Экинчиден, үгүт штерин алып барууда ар кандай жагдайлар болду. Массалык сатып алуулар, экинчи форма менен каттоолор. Бүгүн шайлоо күнү биз ошолордун жыйынтыгын көрүп атабыз. Бишкек шаарында жана башка жерлерде форма эки менен катталган жарандарыбыз бүгүн атайын даярдалган унаалар менен массалык түрдө алып келинип жатат.

Би-Би-Си: Сиздердин партия канча мандат аларына ишенип турат?

М. Жээнчороев: Анын баары жараткандын колунда, элдин ишеними да. Мен ойлойм, кудайым колдоп берсе, күчтүү фракция болобуз деп ойлойм. Болжолдуу айтканда, 23төн кем болбойт.

Би-Би-Си: Бабанов саясаттан кеткен бойдон кайра келем же келбейм деп билдирүү жасай элек. Бирок аны силердин партия өкмөт башчылыкка чакыра турганын билдирди. Канча мандат силерге ушундай жол ачат?

М. Жээнчороев: Кеп мандатта эмес. Парламенттик коалиция түзүлгөндө ким мандат алса, ошол премьер-министр кызматына өзүнүн талапкерин сунуштай алат. Биз коалициялык көпчүлүккө кирип калсак, Бабановду премьер-министр кызматына көрсөтөбүз.

Би-Би-Си: Шайлоодон кийин Кыргызстанды эмне күтөт?

М. Жээнчороев: Бүгүн ар жерден ар кандай фактылар келип атат. Массалык түрдө форма эки менен эл ташыган көрүнүштөр болууда. Шайлоонун жыйынтыгына жараша мамиле болот. Менин өзүмдүн каалоом - шайлоо тынч, транспаренттүү болсо экен дейм, элдин эркин оюн камсыз кылып бергендей болушубуз керек.