Мурдагы элчи "Орусияга кошулуу" деген чуунун чоо-жайын түшүндүрдү

Сүрөттүн булагы, Social media
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстандын Орусиядагы мурдакы элчи орусиялык сайттардын бирине маек куруп, "Орусиянын курамына кошулууну каалаган кыргызстандыктар бар" деп айтты деген маалымат кызуу талкууга түштү.
Бул маалыматты бир эле орусиялык сайт эмес, казакстандык сайттар да жарыялап, жергиликтүү маалымат каражаттарынын дагы көңүл борборуна чыкты.
Айрымдар экс-элчинин пикирине кыжырдануусун билдирип, чара көрүүгө чакырууда. Би-Би-Си Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровду кепке тартып, чырлуу сөздүн чын-бышыгын сурады.
Р. Аттокуров: Алгачкы маалымат Казакстандын "Tengri" порталына жарыяланган. Ал жерде бир аз түшүнбөстүк пайда болгондун натыйжасы болуп жатат. Мен анда "Правда ру" порталына эки саатка жакын маек курган элем. Анда мигранттардын маселеси, Covid-19 маселеси жана "Мекен-карт" тууралуу гана сөз болот деп макулдашканбыз. Эч качан, эч кандай чоң саясат, мекенибиздин алдында келе жаткан шайлоо же бул жактагы бийлик тууралуу сөз болбойт, ал козголбойт деп макулдашканбыз. Бүт суроо жооптор ошонун айланасында гана болгон. Биз бул жакта жүргөн соң ар кандай суроолор, ар кандай сунуштар түшөт. Анын арасында албетте, бул маселе да келет. Мындай көтөргөндөргө биз түшүндүрө беребиз. Биз Кыргызстан эгемендүү мамлекетпиз, жаңы тарыхта отуз жылдан бери өнүгүп келе жатабыз. Эгемендикке жетпеген ондогон улуттар бар. Алардын саны алты миллондон алда канча көп элдер бар. Биздин болсо мамлекетибиз бар, эгемен өлкөбүз, Баш мыйзамыбыз, президентибиз бар. Ушулар менен сыймыктанышыбыз керек деп баарына түшүнүк беребиз. Мен жооп бергенде да "ушундай суроолор да болот" деп гана жооп бергем. Бул жеке өз оюм, позициям же менин шакирттеримдин позициясы эмес.
Би-Би-Си: Тактоо үчүн суроо, сиз "айрым адамдар Орусиянын курамына кошулуу тууралуу кызуу талкуулап жатат" деген сөздү айттыңыз беле же айткан жок белеңиз?
Р. Аттокуров: Кызуу талкуу болуп жатат, талкуу бар деген сөз айтылган эмес, болгон да эмес. Кайрылгандардын көп суроолорунун арасында ушундай суроо дагы болуп келет деген гана сөз болгон.
Би-Би-Си: Сиз мурдагы элчи, тажрыйбасы бар адам катары кээ бир жөнөкөй жарандар ошондой ойду айткан күндө дагы, маек учурунда аны айтпай койсоңуз болот беле деген суроону да берип жатышат?
Р. Аттокуров: Интервьюнун форматы мигранттардын турмушу, вирус тууралуу болгондуктан бул маек бир жарым айдай мурда эле уюшулган. Мен тажрыйбама таянып, кайсы маселени өз атымдан айтууга болоорун жана болбосун билем. Бул учурда түзмө-түз берген суроосуна жооп болду.
Би-Би-Си: Маалымат тарагандан тарта кыргыз коомунда талкуу абдан күчөп, сиздин дарегиңизге ачуу сындар айтылып жатат. Ушундай болот деп күттүңүз беле?
Р. Аттокуров: Жок, журналистке берген жообумдан улам ушундай реакция болот деп чындыгында күткөн эмесмин. Акыркы убакта стратегиялык саясатта, дүйнө жүзүндө пандемиядан кийин жашоо-турмуштун өзгөрүүсүнө байланыштуу кээ бирөөлөр түшүнөт го деп ойлойм. Бирок, жеке оюм журналисттер бетине коюп жазганы ага дал келбейт.
Би-Би-Си: Эгерде сиз айткандай ошол басылма же журналист сиз айткан ойдун төркүнүн бербей бурмалаган болсо, сиз ошол редакцияга кайрылып же алардын үстүнөн арызданайын деген оюңуз барбы?
Р. Аттокуров: Албетте, "Правда ру" порталына кайрылып, эмне себептен эки сааттай маегимдин 38 мүнөткө жакыны калып, тандалма түрүндө болуп калганбы деп сөзсүз түрдө кайрылам.
Би-Би-Си: Абдан катуу талкуудан улам Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги да атайын билдирүү таратты. Анда диаспора башчылары, жарандар ар кандай ойду айта берүүдөн этият болгула деген мазмундагы билдирүү айтылган. Сиз кандай кабыл алдыңыз?
Р. Аттокуров: Бул кайрылунуу толук түшүнүү менен кабыл алдым.
Би-Би-Си: Эгер мурунку элчи чындап эле ошондой ойду айтканы чын болсо, эгемендикке доо кетирди, мамлекеттин аброюн түшүрдү. Ал адамдын сөзүнө укуктук баа берилсин, жоопко тартылсын деп жатат. Кандай дейсиз?
Р. Аттокуров: Ооба, баарын түшүнөм. Мыйзам чегинде, юридикалык жактан жооп берүүгө мен даярмын.
Би-Би-Си: Сөз болуп жаткан пикир сиз көрүп, билип жүргөн чөйрөдө же сиз кабыл алган адамдардын арасында чындап эле айтылып жүрөбү?
Р. Аттокуров: Ооба, мен жогоруда белгилегендей бул менин жеке оюм эмес. Кээде бизге келген көптөгөн кайрылуулардын бири. Эми аларды да түшүнөбүз. Көйгөй, жашоо турмушунун оордугуна байланыштуу болушу мүмкүн. Ишкерликте жүргөндөр, көптөн бери жашагандар же жаңы келгендердин айрымдарында ушундай суроолору чыгып жатса керек. Буларга элибиз, мамлектибиз, эгемендигиз тууралуу түшүнүк берип, карапайым элге ошону түшүндүрүп келе жатабыз. Мамлекетибиздин желегин бул жерде желбиретип, элди дүрбөтпөй, татыктуу инсандардан болуу биздин башкы максатыбыз.

































