You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда коомдук транспорт, базарлар ишин жандантат
Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарындагы коомдук транспорт 25-майда тарта иштей баштарын билдирди.
"25-майдан тарта Бишкекте коомдук унаа: автобустар жана троллейбустар, иштей баштайт. Аралыкты жана санитардык ченемдерди так сактоо боюнча катаал талаптар коюлат. Жүргүнчүлөрдүн баары беткап тагынууга милдеттүү", - деп билдирди биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.
Өлкөнүн бир катар аймактарында жарыяланган өзгөчө абал режими жана коменданттык саат 11-майда алынды. Бирок өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Өкмөттүн карантинден чыгуу планына ылайык, ишкердиктин бир катар түрлөрүнө уруксат берилген. Бишкек, Ош, Жалал-Абад сыяктуу ири шаарларда коомдук транспортко уруксат бериле элек.
Өкмөт карантин учурунда уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн тизмесин жарыялады
21-майдан тарта:
- Калкты тейлөө борборлору, паспорттоштуруу жана ЖААК бөлүмдөрү, "Унаа" мамлекеттик мекемеси;
- Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борлорлору: бут кийим, саат оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо;
Соода-сатык чөйрөсү:
- Соода борборлору, соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу (фуд-корт) түйүндөрүнүн ишмердүүлүгүн кошпогондо;
- Азык-түлүк эмес товарларды сатуу дүкөндөр жана пункттар (мурунку баскычтарга кирбеген түрлөр);
- автоунаа базарлары;
- мал базарлары.
Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү;
- Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү (коомдук мончолорду жана сауналарды кошпогондо);
- Мейманканалардын ишмердүүлүгү, бассейндерди жана спортзалдарды кошпогондо.
25-майдан тарта төмөнкүлөр ишмердүүлүгүн жандантат:
- Кийим-кече сатуучу базарлар ("Дордой", "Кара-Суу" сыяктуу базарлар);
- 50 орундан ашпаган коомдук тамактануу түйүндөрү, жайкы кафелер жана ресторандар (коноктор менен үстөлдөрдүн ортосундагы 1,5-2 м аралыкты так сактоо менен), соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан фуд-кортторду кошпогондо;
- Театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, китепкана жана маданий-агартуучу жайлардын ишмердүүлүгү;
- Коомдук транспорт: автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандар 1243 кишиге жетти. Алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болуп, 898 бейтап айыгып кеткен. Кубатбек Боронов басма сөз жыйында "Семетей" обсервациясындагы окуя боюнча дагы маалымат берди.
"Кечээ аэропорттун аймагындагы "Семетей" обсервациясынан Соль-Илецктен келген жарандар алар чыр-чатак салганы үчүн эмес, бул коронавируска кайталанып алынган терс анализдердин жыйынтыгы боюнча пландалып, үй карантинине жиберилди. Өз кезегинде, ИИМ "Семетей" обсервациясында башаламандык уюштурган жарандарга карата чара көрөт. Эч кандай ультиматум же талаптарды коюу менен маселе чечилбейт. Республикалык штаб бекитилген алгоритм боюнча иш алып барат",-деди К.Боронов.
Эки күн мурун обсервацияда кармалып жаткан кишилердин чуу көтөргөнү тууралуу интернеттке тасма тараган. Ал жердегилер негизсиз кармалып турганына нааразы болуп чыгышканы айтылган эле. Бул жайда Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген кыргызстандыктар кармалып турат. Алардын арасынан бир топ кишиден коронавирус аныкталган.
Кыргызстан аба каттамдарын жандантууга шашылбайт
Кыргызстандык авиакомпаниялар качан ишин жанданта турганы белгисиз.
"Бул маселе 25-май күнү дагы бир жолу каралып, эпидемиологиялык абалга байланыштуу чечим чыгарылат", - деп билдирди биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, 17-апрелден 18-майга чейин чет жактан жалпысынан 17 авиарейс жана 6 автобус менен 3531 кыргызстандык өлкөгө келген. Чартердик каттам менен келгендерди обсервацияга жөнөтүп жатышат.
"Жарандарыбызды башка өлкөлөрдөн уюшкандыкта алып келүү боюнча иштер улантылып жатат", - деп белгиледи ал.
Кыргызстандын "Манас" эл аралык аэропорту марттын орто ченинде эле коронавирус пандемиясына байланыштуу бир катар эл аралык каттамдарды убактылуу токтоткон эле. 17-мартта "Түштүк Кытай авиалиниялары" (China Southern Airlines), "Флай Дубай", "Эйр Арабия" (Air Arabia), "Эйр Астана", "Өзбекстан аба жолдору" (Uzbekistan Airways), "Авиа Траффик Компани" сыяктуу бир нече авиакомпаниянын каттамдары токтотулган. Андан көп өтпөй ички каттамдарды дагы убактылуу токтоткон. (AbA)