Парламентте жаңы депутат: бай ишкердин саясий жолу

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

"Кыргызстан" фракциясынын башкы демөөрчүсү саналган жана көмүскөдөгү лидер катары айтылып жүргөн Шаршенбек Абдыкеримов VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү аяктап калганда, Жогорку Кеңешке депутат болуп келди.

Фракциядагы соңку саясий жүрүштүн себеби эмнеде?

Шаршенбек Абдыкеримов буга чейин Улуттук олимпиада комитетин жана Күрөш федерациясын жетектеп келди. Бирок ал эл арасында өлкөдөгү эң бай адамдардын бири - "АЮ" холдингдин ээси катары таанымал.

Ант бергенден кийин Абдыкеримов спикер Дастан Жумабеков жана вице-спикер Мирлан Бакиров менен муштум кагыштыра саламдашып (коронавирустан улам көптөр ушунтип тамашалап да учурашып жатышат), парламентте өзүн эркин сезгени билинип турду.

Алкомагнат Абдыкеримов башынан эле эл алдына көп чыга бербейт, журналисттерге жабык. Ошентсе дагы "Кыргызстан" фракциясынын маанилүү чечимдери анын макулдугу менен кабыл алынары айтылып жүрөт.

"Кыргызстан" партиясы 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоонун алдында түзүлгөн. Башында аны КСДПнын клону, бийликчил партиянын жандоочусу катары мүнөздөп жүрүштү.

Бирок 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо фракциянын депутаты Канатбек Исаев Өмүрбек Бабановдун шайлоо өнөктүгүнө активдүү аралашып, командасындагы белдүү саясатчылардын бири эле. Кийин шайлоого байланыштуу куугунтукталып, камакка алынган. Атамбаев менен азыркы бийлик тирешкенде, мурдакы президентке каршы билдирүүлөрдү жасап келди.

"Саясатта "Кыргызстан " партиясы өзгөчө орун ээлейт. Бүгүн парламент төрагасы биздин партиядан. Негизги комитеттерди биздин партиянын мүчөлөрү аткарды. Мурунку президент Атамбаевдин накта жүзүн элге ачып берүүдө дагы "Кыргызстан" өзгөчө орун ээлейт. Атамбаев президент болуп турганда бийликте болуп турган кемчиликтерди ачык айтканга биздин эркибиз жетти" - дейт Канатбек Исаев.

Бирок анын бул жүрүшүн бардык эле фракциялаштары колдоого алган эмес. Исаевдин "өзүм билемдиги" Шаршенбек Абдыкеримовго жакпаганы тууралуу талкуулар да болуп келет.

"Жакында өкмөт алмашып, фракциянын мурдагы лидери Канат Исаев өкмөт башчылыкка көрсөтүлөрү тууралуу да кеп тер айтылып жатат. Исаев өкмөткө келсе, партияны, фракцияны Абдыкеримов өзү жетектеп, кийинки шайлоого даярдайт, ошол үчүн келди деп айтсак да болот", - деди журналист Тынчтыкбек Алтымышев.

"Кыргызстан" партиясы 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого биринчилерден болуп камылганы баштаган. Былтыр сентябрда партиянын курултайы өтүп, К.Исаев анда саясий уюмдун лидери болуп шайланган. Ш.Абдыкеримовдун ал курултайда сүйлөө манерасына шакаба-сын көп түшүп, айрым журналисттердин үстүнөн ал ММК комиссиясына кайрылганы да бар.

Фракциядагы соңку өзгөрүүлөрдүн өзгөчө деле себеби жок деген да пикир айтылып жатат. Абдыкеримов көмүскө лидер катары бул чакырылыштагы депутаттык мандатты жөн эле ырымга өзүнө ыйгарып койгусу келиши да мүмкүн.

"Кыргызстан" фракциясындагы соңку өзгөрүүлөр олигархтык парламентке сын-пикир күчөп, бай адамдардын акчасынын эсебин чыгаруу боюнча элдик кыймылдар активдешип жаткан маалга туш келип жатат.