You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан жана дүйнө: коронавируска кабылган дарыгерлер жана үрөй учурган сандар
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча коронавирус жуктуруп алгандар саны эки миллионго жакындады. Оорунун очогу АКШ болуп калды. Бул өлкөдө 582 миң кишиден Covid-19 аныкталды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европада оорунун жайылуу темпи төмөндөй баштаганын кабаралады. Ошондуктан айырым европалык өлкөлөр карантин чараларын жеңилдетүүдө.
Индияда премьер-министр Нарендра Моди тарабынан 24-мартта киргизилген катаал карантин чаралары 3-майга чейин узартылды.
Кыргызстан: бир суткада 15 медицина кызматкери вирус жуктуруп алган
Кыргызстанда бир сутка ичинде 19 жаңы учур катталып, анын он беши медицина кызматкери экени айтылды. Алардын ону Ош шаарынан, үчөө Бишкектен, ал эми Ош облусунун аймагынан экөө. Өлкө боюнча вирус жуктургандардын жалпы саны 449 кишиге жетти. 98 учуру дарыгерлер арасында аныкталды.
"Дагы бир жолу кайталап кетейин, медицина кызматкерлерине жуккан инфекция боюнча эпидемиологдордун катышуусу менен кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат. COVID-19 инфекциясында жуктуруу деӊгээли эң жогорку. Дарыгерлер ооруган бейтаптар менен тыгыз байланышта иштешет, ошондуктан алар дагы вирусту жугузуп алууда. Биз алардын коопсуздугу үчүн чараларды көрөбүз. Бүгүнкү күндө чек аралар ачылып, жеке коргонуу каражаттары гуманитардык жардам катары келе баштады. Жүктөр кандай келери менен биз аларды дароо инфекция жуккан бейтаптарды дарыланып жаткан уюмдарына жөнөтөбүз", - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Коронавируска байланыштуу өлкөнүн бир катар аймактарына киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылды. Жогорку Кеңеш бүгүн аны бекитип берет деп күтүлүүдө. Өзгөчө абалды узартуу эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турганы менен түшүндүрүлдү. Расмий маалыматтарга караганда, коменданттык сааттын мөөнөтүн кыскартуу каралып жатат. Учурда коменданттык сааттын убактысы 20:00дөн 7:00гө чейин болсо, эми 21:00дөн 6:00гө чейин болот.
Британияда өлүм-житим көбөйдү
Өткөн апта соңундагы маалыматтар боюнча Англия менен Уэльстеги ар бир бешинчи өлүм Covid-19 менен байланыштуу. Бул тууралуу британдык Улуттук статистика бюросу билдирүү жасады.
Британиянын бул эки аймагында өткөн аптада 16 миң өлүм-житим катталып, 3475 киши коронавирустан көз жумган деп көрсөтүлдү. Бир аптаны алганда, тарыхтагы өтө чоң көрсөткүч, деди бюро жетекчиси Ник Страйп.
Ал ортодо мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун баалаган көз карандысыз уюм (OBR) билдирүү жасап, бул кварталда өлкө экономикасы 35 пайызга кыскара турганын билдирди.
Мындай божомол Британиядагы үч айга чейин улана турган карантин чараларына негизделип чыгарылган. OBR белгилегендей, чектөөлөр алынгандан кийин экономикадагы өсүүлөр кайра жанданат.
Эл аралык валюта фонду пандемия Улуу Британияны соңку жүз жылдыктагы катуу рецессияга алып келиши мүмкүн деп эскертти.
Европадагы жалпы кырдаал
Бул аптанын башында бир катар Европа өлкөлөрү карантин чараларын ала баштады.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму шейшембиде карантин чараларын жеңилдеткен өлкөлөргө алты сунуш берди.
Өкмөттөргө Covid-19 вирусунун жайылуу коркунучун азайтуу менен гана карантинди акырындап жеңилдете берүү сунушталды. Ошол эле маалда өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагы вирустун тарашынын экинчи толкунуна даяр болушу керек. Тургундар болсо вирус коркунучун жакшы билүүгө тийиш. Баары бир кишилер зарылчылык болбосо, үйдөн чыкпай олтурганы туура, деди уюм.
Сербиянын Ниш шаарындагы карылар үйүнөн 170 кишиден коронавирус аныкталып, полиция аталган мекеменин жетекчисин камакка алды. Ага карантин чараларын сактаган эмес деген айыптар коюлуп жатат. Карылар үйүнө жакындары келип турган жана карыялар көчөдө кенен басып жүрүшкөн деп айтылууда. Директор 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. (AbA)