You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Апрель окуясына он жыл: өлкө жетекчилери ыңкылап баатырларын эскерди
Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар эскерилүүдө. Жогорку Кеңеш бул күндү Элдик революция күнү деп белгилөө жөнүндө мыйзам кабыл алган.
Коронавирустан улам баш калаа Бишкекке өзгөчө абал киргизилгендиктен, Апрель ыңкылабы белгиленген жок.
Президенттин басма сөз кызматы билдирүү таратып, мамлекет башчысы «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде "2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерүү мемориалына гүл койду. Куран окутулду" деп кабарлады.
"Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын хроникасы тууралуу санариптик сүрөт жана видео материалдар, маалыматтар жана элдик Апрель революциясынын баатырларынын портреттери сакталып турган «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейин көрүп чыкты. Эскерүү китебине Апрель окуясынын мааниси тууралуу пикирин калтырды. Ошондой эле Саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган мемориалга, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине арналган мемориалга гүл коюлду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышты",-деп жазды.
Президент Жээнбеков «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель революциясында эл эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстелик монументине гүл койгон.
Он жыл мурда оппозициядагы саясий күчтөр Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк башкаруу, мамлекеттик коррупция боюнча айыптап, бийликтен кулаткан. 7-апрелде Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга ок атылып, сексенге жакын адам курман болуп, үч жүздөн ашуун адам ар кандай жаракат алышкан.
Курманбек Бакиев үй-бүлөсү жана жакындары менен өлкөдөн качып кетүүгө арагасыз болуп, учурда Беларусияда баш калкалап жатат. Ал сыртынан бир нече жолу соттолуп, кыргыз соту толтура кылмыштар боюнча күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарган.
Бийликке келген саясий оппозиция ошол революциядагы коюлган максаттарды орундатып бере албады. Бийлик алмашкан менен мамлекеттик бийлик бутактарын чырмаган коррупция азайган жок.
Ошол бийлик алмашкан окуяларда оппозициянын жетекчилеринин бири Алмаз Атамбаев революциянын он жылдыгын абакта тосут. Жети жыл президент болгондон кийин өзү бийликке алып келген Сооронбай Жээнбеков менен саясий күрөштө жеңилип, оор кылмыштар боюнча соттолуп жатат.
Бир жыл мурда Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны суракка күч менен алып келүү учурунда ок атылып, тополоң болуп, бир жоокер окко учуп, милициянын начальниги оор жаракат алган, ондогон киши жараланган. Башкы прокуратура экс-президентке "куралды мыйзамсыз жүгүртүү", "киши өлтүрүү", "массалык башаламандык уюштуруу" беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирген.