Кыргызстан: Өзгөчө абал шартындагы жашоо

Published

Кыргызстандын айрым аймактары өзгөчө абал шартындагы жашоону баштады. Бийлик коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам, катаал чараларга барып, өлкөнүн бир катар аймактарына өзгөчө абал киргизген.

Кыргызстанда өткөн аптада алгачкы жолу коронавирус жуктургандар аныкталып, төрт күндүн ичинде алардын саны 42 кишиге жетти. Кечээ күнү 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Өкмөт өзгөчө абал жарыяланган аймактардагы жүрүм-турум эржелерин түшүндүрүүдө.

"Саат 07.00дөн 20.00гө чейин азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага, медициналык мекемелерге баруудан тышкары калган жарандардын жүрүүсү чектелет жана өздүгүн аныктаган күбөлүк жана толтурулган анкета болушу керек. Саат 07.00 дөн 20.00гө чейин (күндүзгү убакыт) өзгөчө абал режими киргизилген аймактардан тышкары каттоодо турган жарандардан башка жарандардын жана шаарлардын жана райондордун жашоо-тиричилигине, стратегиялык жана башка мамлекеттик объекттердин ишмердүүлүгүнө тартылган унаалардын жүрүүсү чектелбейт. Баса белгилей кетчү нерсе, өзгөчө абал режими киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу жок жарандардан башкаларга кирүүгө тыюу салынган",-деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Өкмөт ишкерликтин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмесин жарыялады

"Бул тизмедеги жумушчулардын кыймылы саат 07.00 дөн 20.00гө чейин иштеген жеринен ишкананын жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалымкаттын негизинде, алдын ала аныкталган багыт жана ишкана тарабынан уюштурулган унаа менен жүрүү эске алынып гана ишке жүргүзүлөт. Өтүнмө аймактын комендатурасынын кароосуна компаниянын жетекчисинин колу жана мөөрү менен жөнөтүлөт. Аймактын комендатурасы көчүрмөсүн унаа каражаттар жүрүүчү тиешелүү райондун блок-постторуна беришет".

Өзгөчө абал режиминде төмөнкүлөрдү өндүрүү, ташуу жана сатууга уруксат берилет:

  • табигый, чийки жана кайра иштетилген түрдөгү тамак-аш жана азык-түлүк продуктулары, анын ичинде таңгактоочу жана башка коштоочу өндүрүмдөр;
  • дары-дармектер жана медициналык каражаттар;
  • күйүүчү-майлоочу материалдар жана аларга тийиштүү буюмдар, газ баллондор.

Көрсөтүлгөн ишмердүүлүк тиешелүү өндүрүштүк жана соода түйүндөрүндө, азык-түлүк павильондорунда, дүкөндөрдө, базарларда, ири соода түйүндөрүндө, дарыканаларда жана май куюучу жайларда жүргүзүлөт.

Ошондой эле коммерциялык банктарга жана турак жай-коммуналдык чарба кызматтарына тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө болот. Бирок товарларды өндүрүү, ташуу жана сатуу тейлөө зонасында бир адамга 5 чарчы метр жана кезекте кардарлар менен сатуучунун ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралык камсыздалган шартта уруксат берилет.

Коменданттык сааттын эрежелерине ылайык кечки 8ден таңкы 7ге чейин кишилердин жана унаа кыймылы токтойт. Айрым байкоочулар коменданттык сааттын кириши азык-түлүк ташыган компаниялардын ишине тоскоолдук жаратпайбы деп кооптонууда. Бирок өкмөт андай коркунуч жок экенин айтты. (AbA)