You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Экс-чиновникти бошоткон судьялардын иши териштирилет
Издөөдөгү чиновник Насирбек Алмаматовду бошоткон судьяларга чара көрүү боюнча Башкы прокуратура тартип комиссиясына сунуштама берди. Ал тапта ИИМ Алмаматовду эл аралык издөөгө берди.
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматов коррупциялык система түзүү боюнча айыпталган.
Бишкек шаардык сотунун Алмаматовдун ишин караган үч судьясын катуу тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратураныны сунуштамасы тартип комиссиясына келип түштү. Бул тууралуу Би-Би-Сиге аталган комиссиясынын басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.
"Документ 29-январда келди. Тартип комиссиясы карап чыгып өз баасын берет. Тартип комиссиясы конституциялык укуктарына жараша кызматтык териштирүү жүргүзөт. Тартип комиссиясы Башкы прокуратурадан гана эмес, жарандардан, коомчулуктан, мамлекеттик органдардан арыз даттануулар келсе өзүнүн компетенциясынын чегинде чара көрөт", - деди Муканбетова.
Мындай окуя президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында судьялар менен прокурорлорду Алмаматовдун сот жообунан айып пул менен бошотулуп кеткени боюнча тилдегенден кийин орун алды.
"Аны кармаса, пара менен кармап жатат, далил жүз пайыз болуп жатса, сот кантип чыгарат? Эмне үчүн ага чара көрүлбөйт? Прокуратура эмне үчүн тартип комиссиясына кайрылбайсыңар? Эч нерсе болбогондой жүрөсүңөр. Бир эле сот системасына, прокуратурага эмес, мага сөз тийип жатпайбы? Муну мен жасагандай болуп жатпаймынбы! Мен тапшырма бергенбей болуп атпайбы! А силер отурасыңар былтыйып, баарыңар тең!", - деген эле президент коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Мындан кийин ушул иш Бишкек шаардык сотто каралып жатканда катышкан прокурор Белек Рыскулов кызматтан алынган болчу.
Ал эми Ички иштер министрлиги Алмаматовду эл аралык издөөгө бергенин билдирди.
"Интерполго эл аралык издөөгө өтүнүч жөнөтүлдү. Эгер алар өтүнүчтү кабыл алса Алмаматовго эл аралык издөө жарыяланат. Ал КМШ аймагында мамлекеттер аралык издөөдө болчу. Бирок жыйынтык бере элек",- деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.
Судьялар кеңешине караган тартип комиссиясынын сунушу менен президент 17-январда Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы кызматтан алган. Ал баңгизат боюнча оор кылмышка айыпталган жаранга мыйзамсыз медициналык акт чыгарганы расмий маалыматта кабарланган.
Ошондой эле Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы, мас болуп унаа башкарган деген чырдын чордонуна чыккан Элмира Сулайманованы кызматтан алуу сунушу азыр президенттин кароосунда.
Прокурор менен судьяларга көрүлүп жаткан бул чараларды кандай бааласа болот?
Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы судья Курманкул Зулушев сот реформасы акырындан ишке ашып жатат деп эсептейт:
"Коррупция деген түшүнүк - бул кызмат абалынан пайдаланып кызыкчылык табуу. Ушул боюнча колго түшүрүлүп, соттолгон адамды бошотуп жиберүү - бул жосунсуз жорук. Мындай кадамга барган кызматкерлер жооп бериш керек. Коррупция менен күрөшүүдө азыраак пара алгандарды камап, миллиондорду алган адамды куткарып жиберүү туура эмес. Андай адамды жердин түбүнөн болсо да таап келиш керек".
Саясатчы Эмил Каптагаев сот системасын реформалоо боюнча 2010-жылдан бери сөз болуп келатат, аны ишке ашырууда системанын өзү каршы болуп жатат дейт.
Ал судьялардын же башка тартип коргоо кызматкерлеринин кылмышты жашыруу аракети жалпы саясатка каршылык деп эсептейт:
"Системадагы эски кызматкерлердин бири бири менен мамилелери бар, алардын ошол түзүмдү сактап калуу, бири бирин коргоо аракети күчтүүрөөк болуп жатат. Көп нерсе ошондон аксап жатат. Сот реформасын мындан ары жылдырыш үчүн ички каршылыкты жеңе турган аракет жасалыш керек деп ойлойм".
Насирбек Алмаматов коррупциялык схема түзүүдө айыпталууда. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Автоунааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин бөлүм башчысы болуп иштеген.
Алмаматов 2018-жылы ноябрда кармалып, ири суммадагы акча эсептеген видеолору тараган. Мурдагы чиновникти Октябрь райондук соту он эки жарым жылга эркинен ажыратса, Бишкек шаардык соту айып пул салуу менен бошотуп жиберген.
2019-жылы октябрда Жогорку Сот кайра камоо чечимин чыгаргандан бери ал издөөдө.