Бишкектеги атышуу криминалдык топтордун тирешиби?

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Бишкекте 9-декабрда кечинде болгон ок атышуудан жабыркаган үч киши ооруканага түшүп, бирөөсүнө операция жасалды. Ок чыгарган эки жаран кармалып, милиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Жергиликтүү басылмалар окуяны өз булактарына таянып, уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы деп жазышты.

Жаракат алгандардын биринин абалы "орточо оор" деп баалады Бишкек шаардык ортопедия жана травматология институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков.

Бул жарандын белине жана жоон санына ок тийген. Аны кечки сааты 19:35тер чамасына тез жардам унаасы алып келген.

"Эки оорулуу травматология бөлүмүнө жаткырылыган. Бирөөсүнүн сол буту сынган. Экинчисинин оң санына жана бутунун ашыгына ок тийген. Жараттарын хирургиялык дарыладык, огун алып, актыны тергөөчүлөргө өткөрүп бердик",-деди Кубатбеков.

Бул жарандардын экөө 31 жашта, бирөөсү 30 жашта деп айтылды.

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, ок аткандар менен жаракат алгандар акыркы бир жарым жылдан бери тирешип жүргөн. Ал эми айрым басылмалар министрдин өзүнө шилтеме берип, ок чыгаргандар 1995-жылы туулган балдар, ок жегендер уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жазды.

Окуя болгон жерде алты ирет ок атылган деп айтылууда. Министрликтин басма сөз кызматынын ага инспектору Назира Султанкулованын айтымында, ок чыгарган эки жаран кармалды. Окуя боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

"Т. Уулу И. жана М.Н. аттуу жарандар кармалды. Алардан "Макаров" үлгүсүндөгү номуру өчүрүлгөн, огу жок тапанча алынды. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө баары Токтогул районунун жарандары экени аныкталды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда", - деди Султанкулова.

Расмий маалыматка ылайык, 9-декабрда саат 19:35 чамасында Гагарин-Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаа кара түстөгү "Тайота Авенсис" унаасына бир нече жолу ок чыгарып, батышты көздөй качкан. "Тайота Авенсис" аны кууп баратып, жол эрежелерин одоно бузган.

Басылмалар жазгандай, ал жолдогу үчтөй унааны коюп кеткен.

Мындай окуяга чейин эле уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөргөнүн жарандык коом өкүлдөрү, саясатчылар айтып келатышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү опузалаган, талап кылган ишкерлер көп кайрыларын билдирди. Ал шайлоо алдында да криминалдык топтор активдешээрин белгиледи.

"Андан сырткары жаңылыктарды карасаңыз деле күн сайын атып кетти, өлтүрүп кетти, тоноп кетти деген кабарлар байма-бай чыгып жатат. Өкмөт мүчөлөрү, криминал менен күрөшө турган органдын криминал жок дегени, Жогорку Кеңеш реакция кылбай жатканы коомдогу талуу проблемалар менен чаралардын арасындагы чоң айырмачылыкты көрсөтүүдө. Ага каршы катуу күрөшүүнү талап кылышыбыз керек", - деди депутат Би-Би-Сиге.

Эксперт Максат Мамытканов да Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ активдешти деп эсептейт. Ал буга ИИМдин чара көрбөгөнү, жаңы мыйзамдуулук, жаңы кодексттер жол ачты деген ойдо.

"Азыр биздеги уюшкан кылмыштуу топтор такыр башка деңгээлге чыгышты. Ал жетинчи кабатка чейин аралашты. Анткени мурда кылмыш жаза жообуна тартылгандар деле министр, депутат боло алат экен, чоң даражага жете алат экен деген нерсе калыптанды. Алар бизнес чөйрөсүндө да болгондуктан өлкөнүн экономикалык саясатына да аралашып кетишти", - деди Мамытканов.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өткөн аптада Жогорку Кеңеште баяндама жасап, министрликтин артыкчылык берген иштеринин бири - уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү экенин айтты.

"Министрликтин атайын эсебинде уюшкан кылмыштуу топтун 421 мүчөсү каттоодо турат. 2019-жылдын он айында уюшкан кылмыштуу топтун 136 мүчөсү кармалып, алардан тогуз ок атуучу курал кармалган. Андан тышкары он айда издөөдө жүргөн 13 мүчөсү кармалган. Алардын төртөө адам өлтүрүү, бешөө каракчылык, он эки мүчөсү опузалап талап кылуу жана адам урдоо, зордуктоо, алдамчылык кылмыштарын жасаганы аныкталган", - деди парламентте министр.

Жунушалиев башка сөзүндө болсо Кыргызстанда криминал жок деди.

Кыргызстандагы коркутуулардан Стамбулга качып барып, киши колдуу болгон Айеркен Саймаити, "Манас" аба майданында акча ташыган курьердин өлтүрүлүшү акыркы айларда катталган, чуулгандуу кылмыш окуялары болуп калды.